Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

1-июлда Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөнүн башкы банкы былтыр аткарган иштер тууралуу отчет берди. Башкы жетишкендик катары Улан Сарбанов өлкөдөгү инфляциянын деңгээлинин төмөндүгүн жана Улуттук Банктын да, башка коммерциялык банктардын да капиталынын көбөйгөнүн белгиледи. Ошол эле учурда элдин банктарга болгон ишенимин калыбына келтирүүдө жана алданган аманатчылардын акчасын кайтарып берүүдө бир катар проблемалар бар.

2002-жылда Улуттук Банк 857,6 млн. сом таза киреше тапкан жана ал каражаттын 70%, башкача айтканда 600 млн. сом бюджетке которулган. Өлкөнүн башкы банкы инфляциянын деңгээлин мурда болжолдонгон 6,8% чекке жеткирген эмес жана 2002-жылы инфляциянын деңгээли 2,3% гана түзгөн. Улан Сарбановдун айтымында, инфляцияны мындай төмөнкү чекте ооздуктап кармап турууга 3 фактор таасир тийгизген.

- Мен 3 факторду белгилегим келет. Биринчиси - элдин инфляцияны азыраак күтө баштаганы, экинчиси – сомдун бекемделиши жана улуттук валютага болгон талаптын күчөшү, үчүнчү фактор – 2001-жылга караганда табигый монополисттердин кызмат көрсөтүүсүнө карата баалардын жана тарифтердин өсүшү, - деди Улан Сарбанов. Анын кошумчалаганына караганда, инфляцияны ооздуктоого бюджет кирешесинин 12,4% өсүшү жана Кыргызстандын төлөй турган карызынын кыйла бөлүгүн Париж клубунда реструктуризациялоого мүмкүнчүлүк болгону жагымдуу шарт түзгөн.

2002-жылы Улуттук Банк менен Финансы министрлигинин ортосунда келишим түзүлүп, ага ылайык өкмөттүн Улуттук Банктын алдындагы карыздары реструктуризацияланган. Мына ушул келишим 25-26-июнь күндөрү Улан Сарбанов парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында отчет бергенде депутаттардын катуу сынына кабылган. Депутаттардын пикири боюнча, аталган келишимден кийин мамлекеттин ички карызы 3 млрд. сомдон 6 млрд. сомго чейин өсүп кеткен. Бирок У. Сарбанов маалымат жыйынында: «Мамлекеттин ички карызы реструктуризацияга чейин 5 млрд. 93 млн. сом болчу, реструктуризациядан кийин ал сумма өткөн жылдын декабрына карата 5 млрд. 85 млн. сомду түздү», - деп билдирди.

Өлкөнүн башкы банкиринин айтымында, калктын банктарга болгон ишенимин калыбына келтирүүдө бир катар иштер жасалып жатканы менен, абал оор бойдон турат. «Биз, - деди Улан Сарбанов, - эл арасында сурамжылоо жүргүзүп көрсөк, калктын 9% гана банктардын кызматынан пайдаланат экен. Бул өтө аз жана жасай турган иштер дагы көп дегенди билдирет».

Бирок ошол эле учурда коммерциялык банктардын депозиттик өздүк каражаттары 40% өсүп, өткөн жылдын декабрына карата ал сумма 3,6 млрд. сомду түзгөн. «Элге караганда юридикалык тараптар коммерциялык банктарга акчасын көп салып жатышат», - деди Улан Сарбанов. Улуттук Банк «2003-жылдын 1-июлуна карата бардык банктар өздүк капиталын 30 млн. сомго жеткирсин» деген талап койгон.

«3 банк кечээки күнгө чейин ал талапты аткаралбай жатты эле, бирок бүгүн эртең менен ал 3 банк дагы ошол чекке жетиптир. Демек, бардык банктар Улуттук Банк койгон чекти багындырды», - деди У. Сарбанов.

Башкы банкирдин айтымында, былтыр Улуттук Банктын кызматкерлерине 72,8 млн. сом жумшалган. Ал эми 2001-жылы Улуттук Банктын кызматкерлерине 78,1 млн. сом бөлүнгөн. «Мамлекеттин каражаты ысырапкорчулук менен жумшалып жаткан жокпу?» деген журналисттердин суроосуна ал мындайча жооп берди:

- Мыйзам боюнча кирешенин 30% кызматкерлерге жумшоого мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок биздин 2002-жылдагы короткон акчабыз 11,8% ашкан жок.

Улан Сарбанов «коррупцияны, уурулукту токтотуш үчүн жана жакшы ишти камсыз кылыш үчүн кызматкерлерге мыкты маяна төлөп бериш керек» деп эсептейт. Сөзүн бекемдеш үчүн ал Орусиянын ички иштер министри Борис Грызловдун «милиция катарындагы коррупция менен күрөшүүнүн жакшы жолу – маянаны көбөйтүш керек» деген сөзүн мисал келтирди.

Улуттук Банкта кызматкерлерди үй менен камсыз кылуу практикаланып келатат. Жыл сайын банктын он чакты кызматкери 360 миң сомго чейин ссуда алып, үй сатып ала алат. «Жогорку Кеңеште айтылган миллион сомдук үйлөрдү менин эки орун басарым гана алышты. Миллиондогон сомдорду басып чыгарып, ташып келүүгө көзөмөл жүргүзгөн кызматкер үй жөнүндө ойлобошу керек го», - дейт Улан Сарбанов.

Башкы банкирдин айтымында, сомдун мындан аркы долларга болгон катышында чоң өзгөрүү болбойт. Өзгөрүү болсо ал Ысыккөлгө канча турист келээрине, акчанын көп же аз түшөөрүнө жараша болот, ошого жараша күзүндө доллар бир аз көтөрүлүшү мүмкүн. Инфляция болсо 4% деңгээлинен ашпайт.
XS
SM
MD
LG