Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

АКШнын эгемендүүлүк күнү Кыргызстанда белгиленүүдө


БИШКЕК. 4-июль – Америка Кошмо Штаттарынын эгемендүүлүк күнү. Эгемендүүлүктүн 227 жылдыгына арналган бул майрамга байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф жана анын жубайы бүгүн кечинде майрамдык салтанат уюштурууда. Ага кыргыз өкмөтүнүн, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын, билим берүү тармагынын 400дөй өкүлү чакырылды. Бул кечени элчи өзүнүн кызмат мөөнөтүнүн аяктап жатканы менен да байланыштырды. Элчи Жон О'Киф мекенине келерки аптада кайтууга камынууда. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Стивен Янг эки айдан кийин ишке кириши болжолдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG