Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

ЕврАзЭСтин бажычылары Чолпонатага чогулушту


БИШКЕК. Бүгүн Чолпонатада Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕврАзЭС) мүчө мамлекеттердин Бажы кызмат жетекчилер кеңешинин XX отуруму өз ишин баштады. Анда уюмга мүчө мамлекеттерде бажы кодекстерин кабыл алуунун жүрүшү, этил спиртин, алкогол ичимдиктерин, тамеки алып өтүүнү көзөмөлдөө боюнча маалымат алмашуунун бирдиктүү тартиби, аба каттамдарын көзөмөлдөө маселелери каралууда. Мындан тышкары, Кыргызстандын Бажы кызматынын демилгеси менен «Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймагы аркылуу товарларды бажы органдарынын кепилдиги менен транзиттик ташуунун тартиби жөнүндөгү» макулдашуунун долбоору талкууланат. Отурумда негизги докладдарды Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен ЕврАзЭСтин Интеграциялык кеңешинин баш катчысынын орун басары Серик Примбетов жасашат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитет маалымат таратты. Биримдиктин Интеграциялык кеңешинин алдындагы Бажы кызмат жетекчилер кеңеши 2001-жылдын октябрында түзүлгөн. Ага Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мүчө.

XS
SM
MD
LG