Жергиликтүү укук коргоочу активист Шурат Икрамовдун маалыматтары боюнча, Ташкен сотунун кечээки өкүмү менен 13 киши алды - он беш, арты - жети жылдан түрмөгө кесилишти. Дагы эки айыпкер үч жылга эркинен ажыратылды. “Хизбут-Тахрир” уюму региондо бирдиктүү ислам халифатын түзүүнү көздөйт, бирок бул максатка тынч жолдор менен жетишкиси келет. Региондогу өлкөлөрдө бул уюм мыйзамсыз деп жарыяланган.