Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Акыйкатчы Кыргызстанда адам укуктарын сактоодо кемчиликтер бар экенин белгиледи


БИШКЕК. «Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына бир кыйла ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бирок мунун өзү бизде баары жакшы деп тынып калууга негиз бербейт. Анткени адам укуктарын сактоодо бир катар кемчиликтер орун алууда жана өкмөт аларды жоюуга тийиш». ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Голландиядагы Роттердам шаарында өтүп жаткан XII сессиясында өткөрүлгөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу ушундай билдирүү жасады. Бул тууралуу бүгүн Акыйкатчынын маалымат кызматы кабарлады. Турсунбай Бакир уулу ЕККУнун Кыргызстанда жасап жаткан иштерин жогору баалап, Акыйкатчы институтуна алгачкы жардам берген эл аралык уюмдардын бири ЕККУ экенин белгилеген. Кыргызстандын Акыйкатчысы Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы Роттердам шаарында уюштурган, адам укуктарына байланыштуу семинарга катышууда.

XS
SM
MD
LG