Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Таза шайлоо даярдыгы


ЖАЛАЛАБАД. Таза шайлоо өткөрүүгө арналган талкууга катышкан журналисттер, саясий партия, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү өз ой, пикир сунуштарын ачыкка чыгарышты. Бейтарап комиссия жана саясий партия, коомчулуктун аракети, бейөкмөт уюмдар шайлооком ишине калыс байкоо жүргүзгөндө гана элдин эрки жеңерин белгилешти. Шайлоодо уруу, улутка бөлүнбөө керектиги айтылды, андагы мыйзамсыз иштерди изилдөөдө улуттук механизмдер чечкинсиздик кыларын белгилешти. Шайлоо мыйзамын жергиликтүү бийлик жана бүйүжеттик кызматкерлерден куралган комиссиялар бузаарын ортого салышты. Мыйзам бузуу фактылары бийлик пайдасына чечилери эскертилип, өлкөдө эркин, таза шайлоонун болооруна ишенбестигин билдиришти. Февралдагы референдумга көпчүлүк барбаса дагы, 70 - 80 пайыз эл катышты деген жалган маалыматтар таралган, деп билдиришти жыйын катышуучулары.


Кабарлар топтомун Бишкекте даярдап окугандар Азиза Турдуева жана Кубат Оторбаев

Редактору Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG