Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

Сингапурда каза болгон сиам эгиздеринин сөөгү өз жерине жөнөтүлдү


8-июлда Сингапурдун ооруканасында каза болушкан сиам эгиз кыздардын сөөгү бүгүн өз Ата мекени – Иранга жөнөтүлдү. Бири-бири менен башынан биригип төрөлгөн эгиз кыз –Ладан менен Лаленин сөөктөрү эки башка табытка салынып, эки башка жаназа окулду. Эгиз кыздардын кайгылуу өлүмүнө байланыштуу алардын үй–бүлө, жакындарына Ирандын президенти Мохаммад Хатами көңүл айтты. Баш сөөктөрү биригип төрөлгөн эгиз кыздар 29 жашка чыгышкан. Акыркы жети жылдан бери бири-биринен ажыратуу үчүн операция жасатууну талап кылып жүрүшүп, Сингапурдун врачтарын макулдатышкан. Алар баштары ажыратылгандан кийин көп кан жоготуудан улам каза болушту.


Бүбүкан Досалиева, Прага

XS
SM
MD
LG