Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Жалалабадда чек ара комитеттери түзүлдү


ЖАЛАЛАБАД. Облустун Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондорунун Карадарыя, Сейдикум, Арал, Сакалды жана Момбеков айыл өкмөттөрүндө уюштурулган чек ара комитеттери «Тынчтыкты сактоо» деген облустук бейөкмөт уюмдун демилгеси менен пайда болду. Чек ара комитеттерине чыр-чатактардын алдын алууга жана болтурбоого жөндөмдүү, эл ичинде аброю бар аксакалдар менен аялдар, жаштар киришти. Ар бири 11 адамдан турган бул комитеттер чек ара жана бажы багытындагы татаал проблемаларды, мыйзамсыз иштерди мамлекеттик уюмдарга билдирип турушат.

XS
SM
MD
LG