Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

ИРАК: УТУРУМДУК БИЙЛИК УЮШУЛУУ АЛДЫНДА


Соңку маалыматтарга караганда, Ирактын өзүнүн утурумдук бийлиги ушул айдын ичинде түзүлөөрү күтүлүүдө. АКШ баштаган убактылуу администрациянын жетекчилиги учурда бул маселе боюнча жергиликтүү саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Багдаддан түшкөн кабарларда айтылгандай, Ирактын башкаруу кеңеши мурда болжолдонгондой кеңеш берүүчү гана орган болбостон, коалициянын администрациясы алар менен чектелген өлчөмдө аткаруу бийлигин да бөлүшүшү ыктымал.

Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер акыркы кездери өлкөнүн болочок бийлик органын "башкаруу кеңеши" деп мүнөздөй баштады жана ал айрым аткаруу бийлигине да ээ болорун ишара кылууда. Мурдараак америкалык расмий өкүлдөр Ирактын мүчөлөрү ушул айдын ичинде дайындалары күтүлүп жаткан бийлик органын "саясий кеңеш" деп аташып, ал коалициялык администрацияга кеңеш берүүчү милдетти гана аркалаарын айтып келишкен эле. Азырынча алар Ирактын болочоктогу утурумдук бийлигинин чоо-жайын толугураак чечмелеп берише элек. Бирок эл аралык басма сөздө түрдүү булактан алынган маалыматтар жарыяланып жатат.

Маселен, Ирактын мурдагы тышкы иштер министри, Көз карандысыз Демократтардын Биримдиги саясий партиясынын лидери Аднан Пачачи "Рейтер" агенттиги менен британдык "Гардиан" гезитинин кабарчыларына башкаруу кеңеши министрлерди дайындаарын, валютага, экономикага, шайлоого, саясий партияларга жана башка тармактарга байланышкан мыйзамдарды кабыл алаарын, билим берүүнү жана юридикалык системаны кайра түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгаарын, анын төрагасы чет өлкөлүк элчилерди, кызмат адамдарын кабыл алып, эл аралык коомчулукта Ирактын өкүлү болоорун билдирген. Баяндамачылар дал ушул Аднан Пачачини Ирактын башкаруу кеңешинин болочок жетекчиси катары карашууда.

Америкалык администрациянын пландарына ылайык, башкаруу кеңешинин курамы 25-30 адамдан турат жана ага бардык саясий топтор менен тайпалардын өкүлдөрү тартылмакчы. Соңку маалыматтарга караганда, кеңештин курамына Ирактагы жети ири саясий уюмдун: Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңеши, исламчыл маанайдагы "ад–Дава" партиясынын, Күрт Патриоттук Союзу менен Күрт Демократиялык партиясынын, Ирак Улуттук Конгресси, Ирактын Улуттук Биримдиги жана Көз карандысыз Демократтар Биримдиги партияларынын өкүлдөрү кирген жатат. "Нью-Йорк Таймс" гезитинин ушул аптада жазганына караганда, кеңештин курамында мындан сырткары жыйырмадай майда топтордун өкүлдөрү, анын ичинде аялдар болот.

Ирактын ири саясий партияларынын ичинен азырынча Коммунисттер партиясы гана башкаруу кеңешине кошулуудан баш тартууда. Алар кеңештин мүчөлөрү дайындалбастан, шайлануусун талап кылып жатат. Ирактын америкалык администрациясынын алгачкы башчысы Жей Гарнер утурумдук бийликтин мүчөлөрү жалпы улуттук конференцияда иргелип алынарын айтып чыккан эле. Бирок, анын мураскору Пол Бремер кеңештин мүчөлөрү америкалык администрация тарабынан дайындалуусун гана жактоодо.

Дегеле Ирактын өзүнүн утурмдук бийлигин түзүү жараяны создуктурулуп кетти. АКШ Иракты демократиялык өлкөгө айлантууну көздөөрүн кайталап келүүдө. Ушундан улам көпчүлүк аналитиктердин эсебинде, Ирак өзүнүн толук кандуу өкмөтүнө ээ болгонго чейин жылдар кетиши да мүмкүн. "Азаттыктын" ирак редакциясынын кызматкери Сами Шореш Ирактын утурумдук бийлик органын түзүү создуктурулуп жатканын америкалыктар үчүн ага өлкөдөгү калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийиттерден кимдер кирерин аныктоо татаал болгонуна байланыштырат. Мунун бир себеби шийиттердин Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңеши өңдүү ири уюмдары жана алардын лидерлери мурда сүргүндө жүргөнүндө, - дейт Шореш:

- Эгер америкалыктар суниттерди табууну кааласа кыйын эмес эле. Анткени алар өлкөнү соңку 80 жылдан бери башкарып келишкен. Күрттөр да ички талаштардан арылып, алардын лидерлери Талабани менен Барзани элдешип, эми администрациясын бириктирүүгө аракеттенишүүдө. Негизги проблема шийиттерде болчу.

Сами Шорештин пикиринде, америкалык өкүлдөрдүн ирак шийиттеринин эки абройлуу лидери аятолла Мохамед Бакир ал-Хаким менен аятолла Али Систанинин ортосунда диалог орнотуу аракети натыйжа бере баштады жана алардын партиялары айрым бир кызматташууларга барууда. Маалыматтарга караганда, Ирактын болчоктогу башкаруу кеңешинде орундардын көпчүлүгү шийиттерге тиймекчи. Мындай шартта, бул Ирактын өлкөдөгү калктын азчылыгын түзгөн сунниттер үстөмдүк кылбаган алгачкы бийлик органы болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG