Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

ЕККУнун КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫН КОЛДОО БОЮНЧА ДОЛБООРУНА АТУУЛДУК КООМДУК УЮМДАРДЫН АЙРЫМДАРЫ КАРШЫ БОЛУУДА


Жакынкы күндөрү Кыргызстандын тартип коргоо кызматы ЕККУнун көмөгү менен реформалана баштайт. Анын багыттарын ушул аптанын башында Бишкекке келген ЕККУнун төрагасынын полиция иштери боюнча кеңешчиси Ричард Монк бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кеңири түшүндүрдү. Бирок бул программанын бир долбоору айрым атуулдук коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн арасында нааразылык жаратууда. Алар ЕККУнун төрагасы Яап де Хооп Схеффер Бишкекке келгенде өз талаптары менен уюмдун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке да чыгышкан. ЕККУ жетекчилиги алардын сыны менен макул эмес.

ЕККУнун төрагасынын полиция иштери боюнча кеңешчиси Ричард Монк 8-июлда журналисттерге айтканына караганда, уюм каржылап аткан программанын курамында сегиз долбоор бар. 3 млн. 600 миң еврого бааланып, 18 айлык мөөнөт коюлган сегиз программанын маани-маңызын жакында ЕККУнун өкүлдөрү коомчулук өкүлдөрү менен кеңири талкуулап чыгышты.

Бирок программанын жетинчи долбоору – «Чыр-чатактарды жана бейтартиптикти болтурбаш үчүн ички иштер кызматынын системасын чыңдоо» долбоору жолугушууларга катышкан бардык эле бейөкмөт уюмдардын лидерлерин ынандыра алган жок. Алардын ишениминде, 1 млн. еврого жакын каражатка каржыланып жаткан долбоордун алкагында резина октор менен атуучу куралдар Кыргызстанга алынып келет. Ошондуктан алар 9-июлда ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына төрага Яап де Хооп Схефердин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келишин утурлап, нааразылык акциясын уюштурушту. Акцияга чыккандар башка бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар менен бирге кеңсеге кирип сүйлөшүү тууралуу төраганын сунушуна макул болушкан жок.

Кийинчерээк Схеффер бул жагдайды журналисттер менен болгон жолугушууда эскерип, нааразы тарап менен жолугушууга мындан ары да мүмкүнчүлүктөр болоорун белгиледи.

- Сиз билесизби, кептин баары алардын апрелден бери ушул долбоор боюнча маалымат беришпегенинде болду. Биз адегенде тынчтык жолу менен долбоордун бюджетинин мазмунун алалы дегенбиз. Себеби, бул долбоор жарандардын укуктарын кескин чектейт. Конституция боюнча биз жарандардын укугун чектеген бардык маалыматтар менен таанышууга акыбыз бар. Ал маалымат каражаттарында жарыяланышы керек эле, - дейт акцияга катышкан лидерлердин бири, Адам укуктары боюнча кыргыз-америка бюросунун жетекчиси Наталья Аблова.

Бейөкмөт уюмдардын лидерлери ЕККУнун долбоорунда Кыргызстанга курал берүү жагы каралгандыгы тууралуу маалыматты жарандык уюмдардын Голландияда жайгашкан дүйнөлүк тармагынан алышкан. «Интербилим» бейөкмөт уюмунун лидери Асия Сасыкбаеванын айтымында, Ричард Монк бейөкмөт уюмдарга туура эмес маалымат берген.

- Биз аны менен жолугушуп, сүйлөшкөнбүз. Биз андан башкача маалымат алып, канааттануу менен тараганбыз. Бүгүн түнү Голландиядан таптакыр башка маалымат алдык. ЕККУ өзү жарандык коомго калп айтууну үйрөнүп алыптыр. Бул эмне деген жосун? - дейт Асия Сасыкбаева.

Кесиптештеринин мындай сын пикирин колдобогон Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтоайым Үмөталиева болсо тартип коргоо органдарын реформалоо программасынын жетинчи багытын толугу менен жактайт:

- Мынакей, Аксыда болгон окуяны билесиңер. Милициянын курал-жарактарын тартып алып, ок атып жатышат. Андай адамдарды ким токтото алат? Биз, бейөкмөт уюмдар, токтото алабызбы? Биз эч нерсени токтото албайбыз. Ызы-чуу кылганыбыздан башка эч нерсебиз болбосо, бизди ким коргойт? Эч ким коргобойт.

Ал эми ЕККУнун полиция иштери боюнча өкүлү Ричард Монк болсо «уюм каржылаган долбоор туура эмес чечмеленип жатат» деген ойдо:

- Бул, коомдогу бейтартиптикти басыш үчүн биз эң алдыңкы, маселен, резина ок же газ өңдүү каражаттарды алып келүү дегенди таптакыр билдирбейт. Бирок мен бир жагдайды белгилегим келет. Кайсы гана өлкөдө, кайсы гана полиция күчтөрү болбосун, алар коомдук тартип үчүн жооп беришет. Алар бул милдетти айрым жарандардын аракеттерин эң аз күч колдонуу менен басуу аркылуу аткарышат. Мен маселенин ушул өңүтүн баса көрсөткүм келет.

ЕККУ программасынын улуттук кызматкери Шамшыбек Мамыровдун айтымында, жетинчи долбоордун алкагында массалык баш-аламандыкты тескөөчү атайын бөлүмчө түзүлөт. Анын курамында психологдор, талдоочулар иштешет.

- Ал бардык мыйзамдуу чаралар көрүлүп, мыйзамды укпай калышкандан кийин гана ишке киришет. Бул бир багыт. Экинчи багыты - Ички иштер министрлигинин илимий изилдөө борборунун базасында атайын аналитикалык борбор түзүлөт, - дейт Шамшыбек Мамытов.

Ал эми атуулдук уюмдардын нааразылык билдирген өкүлдөрү программадан долбоордун алынып салынышына кызыкдар болушууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG