Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Кыргыз-өзбек чек арасындагы миналарды Кыргызстан өзү тазаламак болду


БИШКЕК. Кыргызстан кыргыз-өзбек чек арасындагы Өзбекстан тарап койгон миналарды өз алдынча тазалоону баштамакчы. Премьер-министр Николай Танаев кечээки өкмөт жыйынында тийиштүү министрликтерге жана Чек ара кызматына чек араны минадан тазалоо иштерин тездетүүнү тапшырды. Жыйында сөз сүйлөгөн экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашевдин айтымында, кыргызстандык мина тазалоочуларды даярдоо максатында Орусиядан адистер чакырылмакчы.
Чек арага коюлган өзбек миналарынан кыргызстандыктар жабыр тартып келет. Акыркы ирет быйыл 23-февралда Баткендин Чоңкара айылынын тургуну Сатарбек Шамшиев коңшулар тарабынан коюлган минадан каза тапкан. Кыргызстандын чек араны минадан тазалоо боюнча сунуштарын Өзбекстан колдобой келатат. Кыргызстан да, Өзбекстан да миналарды колдонууга, сатууга тыюу салган Оттава конвенциясына кол коюша элек.

XS
SM
MD
LG