Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Иракта Башкаруу кеңешинин бетачар жыйыны өттү


Башкаруу кеңеши - Ирактын Саддам Хусейндин режиминен кийинки алгачкы бийлик органы. Ал министрлик кызматка талапкерлерди көргөзүү, мыйзамдарды иштеп чыгуу, келишимдерге кол коюу, өлкөнүн бюджетин бекитүү укугуна ээ болот. Ошондой эле өлкөнүн жаңы Конститутциясын даярдоочу комиссиянын мүчөлөрүн дайындайт. Бирок, Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер Башкаруу кеңешинин чечимдерин жокко чыгара алат. Пол Бремер кеңештин мүчөлөрү алдында сүйлөгөн сөзүндө коалиция аларга колдон келишинче жардам берээрин убада кылды, Ирактын өкмөтүн шайлоо мүмкүнчүлүгү өлкөнүн Конститутциясы кабыл алынган соң түзүлөрүнө токтолду. 25 мүчөсү АКШ - британ администрациясы тарабынан дайындалган бул органга өлкөдөгү саясий, диний жана улуттук тайпалардын баарынын өкүлдөрү кирди. Саны жагынан анда шийиттер бир аз көптүк кылат. Өлкөнүн мурдагы бийлигин жалаң суниттер ээлеп келгени белгилүү.
Башкаруу кеңешинин алгачкы чечимине ылайык, Саддам Хусейн бийликтен кулатылган күн - 9-апрел улуттук майрам деп жарыялады. Эски режимдин учурунда белгиленип жүргөн майрамдардын алтоосу күчүн жоготту.

XS
SM
MD
LG