Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

ООГАНСТАНДЫК КҮЙӨӨ БАЛДАР КАЛЫҢГА КАРШЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Азия мамлекеттеринин көбүндө жигит кызга үйлөнгөндө калың берүү кылымдардан бери калыптанып калган салттардын бири. Бул салт чейрек кылымдан бери согуштан башы арылбай келаткан ооганстандык жигиттердин айласын кетирип, азыр ага каршы күрөшүү аракеттери башталды. Ал эми колунда бар, мартабалуу үй-бүлө өкүлдөрү болсо калың төлөөнү мындан ары да катуу сактап, кийинки муун урматтай турган жакшы салт дешип, анын ар бир талабын аткарууга дилгир. Ооганстандык күйөө балдарды кыйнаган калың жана анын азыркы ооган коомуна тийгизген кесепети тууралуу сөз кылалы.

Ооганстан үй-бүлөөлөр өтө аз ажырашкан өлкө деген атакка ээ мамлекеттердин бири. Айрыкча, бул - пуштун уруусунда эч ким бузууга даабай турган ыйык салт. Үй-бүлөнүн бекем болушуна “вахр” же “валвар”, кыргызча которгондо “калың” катуу таасир берет. Анткени, 10 миңден 20-30 миң долларлык калың төлөгөн жигит да, ошончо калыңга келген кыз да, бир чети, топтолгон материалдык байлыктарын жоготкусу келбейт, экинчиден, ошончо акчаны табууга түздөн-түз жардамдашкан тууган-уруктарынын жекирүүсүнө калууну каалашпайт.

Бирок, кийинки кезде Ооганстандык жигиттердин көпчүлүгү үчүн үйлөнүү, калың төлөө деген зор азапка айланып барат. Ага 80–жылдардан бери басылбай келген атуулдук тирешүү жик салды. Себеби, аз дегенде он миң долларлык калыңды төлөө бардык эле үй-бүлөөлөрдүн колунан келе бербегендиктен, эрезеге жеткен соң, жигиттердин үйлөнүүсү чоң көйгөй. Анткени, Ооганстанда кызы үчүн калың төлөөдөн тышкары ата-энеси гана эмес, тойго келген жүздөгөн тууган–уруктарынын баарына белек, кийим-кече (“кийит”) жана кымбат баалуу буюмдарды белекке берүү деген салт бар. Бул өз кезегинде өлкөнүн бир вилайетинен экинчисине тонналаган буюм-тайымдардын ташылышын, аны менен кошо ондогон адамдардын катнашын шарттап, үйлөнүү чыгымдарын ого бетер көбөйтөт.

Ооганстандын Пактия вилайетинин бир тургуну “Азаттык” радиосунун кабарчысына бул жөрөлгөлөр тууралуу мындай дейт:

- Пактиянын Зурмат районунда валвар 500 миңден миллион пакистан рупийине, доллар менен эсептегенде 9 миңден 18 миң долларга чейин жетет. Бул Пактика жана ага коңшу провинциялардын баарында калыптанып калган баа.

Албетте, мынча акчаны таба албаган үй-бүлөөлөр ар кандай айла-амалдарга барып, бири туугандарынан карыз алса, экинчиси - жашоосунун бирден-бир булагы болгон жер тилкесин сатууга мажбур болот. Айрымдары калыңга акча табуу үчүн Пакистанга же араб мамлекеттерине жалданып иштеп кетишет. Үйлөнгөндөн кийин ушундай абалга кабылган Кабулдук бир жигит мындай дейт:

- Менин ата-энем мен үйлөнөйүн деген кыздын үйүнө колун сурап барганда анын ата-энеси калың үчүн көп акча сурабайбыз дешкен. Бирок, биз тойго бардык камылганы көрүп койгондон кийин кыздын ата-энеси 400 миң пакистан рупийин же 7 миң 300 доллар талап кылышты. Бизде андай акча жок болчу. Анан биз акча карыздап алууга жана жерибизди сатууга мажбур болдук. Той өткөндөн кийин биз акча карыз алган адам карызды кайтарып берүүнү талап кылды. Мен үйлөнгөндөн 10 күндөн кийин акча табуу үчүн Пакистанга кетүүгө мажбур болдум.

Мындай кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн азыр оогандар бир оңой жол табышты. Ал “бадал” деп аталат. Анда бойго жеткен кызы менен жигити бар үй-бүлөөлөр калың беришпей эле өз ара келишип, анын ордуна кыз менен жигитти алмашып жатышат. Бирок, мында карындашы жок же карындашынын жашы кичине жигиттердин айласы курууда. Ал тууралуу кабулдук бир жигиттин ою төмөндөгүдөй:

- Менин оюмча, бул ыкма абдан дурус эмес. Бойго жеткен кызы жок үй-бүлөөлөр эмне кылышат же балагатка толо элек карындашы бар жигит ал бойго жеткиче карып кетпейби. Мага калыңдын бул түрү эч жакпайт.

Айрым байкоочулардын баамында, калың берүү – бул аялдардын үй-бүлөдө кор тутулушунун башкы түрткүсү. Ошондуктан, жаңы көз карашы бар жаш адамдар андан баш тартууга даяр. Азыркы өнүгүүнүн ыргагына аралаша баштаган оогандар аны бара-бара катуу кармабай деле калат деген жоромолдор бар. Бирок, өлкөнүн али караңгы бойдон калган элет аймактарында, анын ичинде, көчмөн пуштун, түркмөн урууларында калың берүүнү илгеркидей эле катуу тутушууда.
XS
SM
MD
LG