Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү чалгындоо маалыматтарына көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнүн зарылдыгы жок


Бул багытта айтылып жаткан чакырыктарды бүгүн британ тышкы иштер министри Жек Стро четке какты. Ж.Стронун айтымында, аталган милдетти парламенттин премьер-министри Тони Блэр тарабынан дайындалган комитети эле аткара алат. Ал эми АКШдан өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс британ чалгындоо кызматтарынын Саддам Хусейндин режиминин Африкадан уран сатуу алуу аракеттери жөнүндөгү маалыматтары туура деп эсептерин кайра кайталады. Бирок Кондолиза Райс моюнга алгандай, маалымат биротоло далилденбегенине байланыштуу аны президент Жорж Буштун быйыл январь айындагы кайрылуусуна киригизбөө керек болчу. Жогорудагы маалыматтын тактыгын британ өкмөтү да коргоп жатат. АКШ менен Британиянын бийликтери өз аскерий операциясын негиздөө үчүн Саддам Хусейндин режиминен келген коркунучту апыртып жиберген делип оппозиция тарабынан сынга алынууда.

XS
SM
MD
LG