Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРДИ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Шейшемби күнү Бишкектин “Хаят” мейманканасында “Кыргызстан жана Дүйнөлүк Соода Уюму” деген 4 күндүк семинар өз ишин баштады. Семинарды Швейцариядагы Дүйнөлүк соода институту, Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгы жана Кыргызстандагы Социалдык-экономикалык изилдөөлөр борбору биргелешип уюштурушкан. Семинардын максаты - Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна киргенден бери 5 жыл ичинде топтогон тажрыйбасын талдап, келечекте бул уюмдан өлкөнүн ала турган пайдасын арттыруунун жолдорун аныктоо.

Семинардын биринчи күнүндө Кыргызстан кирген Дүйнөлүк Соода Уюму жана регионалдык соода бирикмелери, алардын шарттары, аталган уюмдун жана бирикмелердин өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири жөнүндө сөз болду. Семинарда чыгып сүйлөгөн Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин департамент башчысы Анархан Рахманованын жана “Прагма” корпорациясынын кызматкери Нурсулу Ахметованын пикири боюнча, Кыргызстан бул уюмга кирип, эч нерсе уттурган жок. Анткени ал бажы тарифтерин ага чейин эле төмөндөтүп, либералдуу соода саясатын жүргүзө баштаган.

- “Кыргыз өндүрүшү Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна киргени үчүн өлдү” деп көптөр айыпташат. Статистика биздин өндүрүш 1991-жылы эле – Советтер Союзу урагандан баштап талкалана баштагандыгын көрсөтүп жатат. 1996-жылга чейин өндүрүштүн негизги бөлүгү талкаланып бүткөн, - -деди Нурсулу Ахметова.

Ал эми “Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кириши өлкөнүн экономикасына жардам бердиби же жокпу?” деген суроо боюнча ар кандай ойлор айтылды. Бирок семинардын көпчүлүк катышуучулары анын пайдасы буга чейин жетишсиз болгондугун сөз кылышты. Анын себеби катары Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлөрү эмес экени белгиленди. Кыргызстан алар менен бирге ЕврАзЭС, КМШ, Борбор Азиялык Кызматташтык Уюму өңдүү бир катар регионалдык соода бирикмелерине кирет.

Семинарда “Бул регионалдык бирикмелер Кыргызстанга пайда береби же жокпу? Кыргызстан үчүн кайсынысы маанилүү - Дүйнөлүк Соода Уюмубу же регионалдык бирикмелерби?” деген суроолордун тегерегинде көп талаш-тартыш болду. Биздин мамлекеттик чиновниктер “Кыргызстандын негизги соода байланыштары ошол өлкөлөр менен болгондуктан, алар менен кошо бир эркин соода аймагында болуу пайдалуу” деген ойду жакташты. Ал эми Дүйнөлүк соода институтунун кызматкерлери болсо регионалдык соода бирикмелери бүт дүйнө жүзүндө начар өнүккөн өлкөлөр үчүн эч кандай пайда бербегендигин айтышты.

- Швейцарияда болгонумда мен сүйлөшкөн, мени окуткан регионалдык интеграция боюнча адистер, мурдагы Советтер Союзунун мейкининде пайда болгон регионалдык бирикмелердин бардык формаларынан натыйжа болот деп ойлошпойт. Дүйнөлүк Банк да “Түштүк-Түштүк” соода байланыштары натыйжалуу болбогондугун айтып жатат. Ал “бул бирикмелер эркин соода мейкиндигин түзбөй эле, күчтүүрөөк өлкөлөрдүн товарларын чабал өлкөлөргө жылдыруу менен алек болуп жатат” деп эсептейт, - деди Дүйнөлүк соода институтунун кызматкери Николай Мишулин.

“Кыргызстандын соода өнөктөштөрү Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирмейин ал бул уюмдан көп пайда таба албайт” деген пикирди семинардын катышуучуларынын баары колдошту. Алардын бул уюмга качан өтөөрү болсо азырынча белгисиз. Казакстан, Орусия жана Тажикстан азыр активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Өзбекстан болсо 1994-жылы эле арыз бергени менен, кийинки кезде көңүлдөнбөй кеткен. “Кыргызстандын бул уюмга эрте кириши ага артыкчылык берет, ал Орусия менен Казакстанга өз шарттарын таңуулай алат” деген сөз туура эмес болуп чыкты. Анткени, Анархан Рахманованын айтымында, Кыргызстандын өкмөтү алар менен сүйлөшүү өткөрбөө тууралуу макулдашып койгон. Буга чет өлкөлүк эксперттер каршы эмес.

- Саясий жагынан алганда Орусияга кандайдыр-бир талап коюу Кыргызстан үчүн жакшы эмес. Экинчи жагынан анын кажети деле жок. Ал үчүн жагымдуу соода режимин башка өлкөлөр, мисалы ошол эле Жапония же АСЕАН өлкөлөрү жасап беришет. Алардын бардыгынын Орусия менен соода жүргүзүү боюнча олуттуу проблемалары бар. Кыргызстан жөн эле өзүнүн каалаганын ошолор жасап беришин күтө бериши керек, - деди Николай Мишулин.

XS
SM
MD
LG