Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

БУНДЕСТАГДЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЫРГЫЗ-ГЕРМАН АЛАКАЛАРЫН ЧЫҢДООГО ЫНТЫЗАР


15-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын депутат Маркус Лёнинг баштаган делегациясы 16-июлда президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен жолугуп, эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты арттыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Депутат Маркус Лёнинг баштаган делегациянын Кыргызстандагы иш сапарынын башкы максаты эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык алаканы чыңдоого багытталды. Анткени Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1998-жылы 245 млн. доллар болсо, өткөн жылы ал 33 млн. долларды гана түздү. 2002-жылы Кыргызстан Европадагы бул өнүккөн өлкөгө 1 млн. 750 миң доллар баасындагы товар саткан. Кыргызстан Германияга негизинен баалуу металлдарды экспорттойт.

Ал эми Кыргызстанга Германиядан 31 млн. 390 миң доллар өлчөмүндөгү товарлар келген. Германиядан автомашиналар, алардын тетиктери, медициналык жабдуулар жана башка күндөлүк керектелүүчү товарлар ташылат. Германия Кыргызстанга баш-аягы 161 млн. евро өлчөмүндө кредит берген.

Соода көлөмүнүн азайышын токтотуп, алаканы чыңдоо германдык делегация менен кыргыз бийлигинин сүйлөшүүлөрүнүн негизин түздү. Президент Аскар Акаев Кыргызстан Германияны өзүнүн Европадагы негизги өнөктөшү деп эсептээрин айтты:

- Германия биздин тышкы саясатыбыздагы артыкчылык берген мамлекет болуп эсептелет. Германия Кыргызстан үчүн Европа континентиндеги бирден-бир өзөктүү өлкө. Ал биздин өлкөдөгү демократиялык жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн негизги донору болуп калды.

«Азаттык» радиосунун «Эки мамлекет ортосундагы 1998-жылдан бери азайып кеткен сооданы калыбына келтириш үчүн кандай иш-чараларды аткарыш керек?» деген суроосуна Германия делегациясынын башчысы Маркус Лёнинг мырза мындайча жооп берди:

- Менин оюмча, Кыргызстандын жетекчилиги Дүйнөлүк Соода Уюмуна өтүү боюнча туура чечим кабыл алган. Мындай кадам Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болгон Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө жагымдуу таасир тийгизет. Кыргызстандын премьер-министри менен азыр эле аяктаган жолугушуубузда талкууга алынгандай, аймактагы мамлекеттер ортосундагы байланыштар өнүккөн учурда гана Борбор Азия мамлекеттери менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар чыңдалат.

Чындыгында эле Кыргызстан чек араларын чычкан мурду өткүс кылып бүтөп алган айрым коңшуларынын айынан экономикалык буктурмада калганы жакшы маалым. Кыргызстандын мындай абалы тууралуу германиялык делегациянын башчысы Маркус Лёнинг мырза премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуу учурунда мындай деди:

- Биз, албетте, айрым коңшу республикалар өз чек арасын жаап алганынан силер кантип жапа чегип жатканыңарды көрүп-билип атабыз.

Премьер-министр Николай Танаев Германия делегациясына Кыргызстан аймактагы кызматташтыкты артыруу боюнча болгон күч-аракетин жумшап жатканын айтты:

- Биз быйыл Шериктештик мамлекеттериндеги өнөктөштөрүбүздү Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп кириши соода-экономикалык алакаларга терс таасирин тийгизбей тургандыгына ишендирдик. Тескерисинче, биз аркылуу алар өз товарларын Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болгон башка мамлекеттерге сатууга мүмкүнчүлүк алышканын айттык.

Ага акыркы мисал катары Николай Танаев Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттеринин Алмата шаарындагы жолугушуусунда бул мамлекеттердин ортосунда бирдиктүү суу-энергетикалык жана транспорттук консорциумдарды түзүү боюнча алдын-ала макулдашуу болгонун белгиледи.

Андан тышкары жолугушуу маалында Николай Танаев Кыргызстанга берилген германиялык кредиттин 60 млн. евросу өздөштүрүлбөй жатканын козгоду. «Республиканын карызы өтө көбөйүп кеткендиктен, кыргыз өкмөтү тыштан алынган жардамга кепилдик бералбайт, ошол себептүү бул акчаны Бундесбанк аркылуу берүүнү карап көрсөңүздөр», - деп суранды Николай Танаев. Ал ошондой эле Германиядан табигый кырсыктар менен күрөшүүдө Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү суранды. Маркус Лёнинг мырза кыргыз өкмөтүнүн мындай суроолорун өз мекенине барганда Германия өкмөтүнө маселе катары коюуга убада берди.

XS
SM
MD
LG