Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Аманатчылар митинг өткөрүүнү көздөп жатышат


БИШКЕК. Аманатчылар бирикмесинин төрагасы Жолборс Мырзапаязовдун бүгүн «Азаттыкка» кабарлаганына караганда, аманатчылар сентябрь айынын башында митинг өткөрүүнү көздөп жатышат. Анын айтымында, 1991-жылдан бери алданган аманатчылардын акчасынын өлчөмү 2 млрд. сомго жетти, өкмөт анын 160 млн. сомун гана кайтарды. «Премьер-министр Николай Танаевдин карыздарды баалуу кагаздар менен төлөп берүү тууралуу убадасы ишке ашкан жок», - дейт Ж. Мырзапаязов. Премьер-министр былтыр 3-сентябрда аманатчылар менен жолугуп, ушундай убада берген. Аманатчылардын басымдуу бөлүгү банкротко учураган «Меркурий», «Кыргыз жери», «Курулуш» банктарына салган акчасын кайтара албай жүрүшөт. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Асел Мамбеталиева менен Марат Султановдун пикирлерине караганда, аманатчылардын каражаттарын мыйзам чегинде кайтаруу аракеттеринен тыянак чыга баштады. Июнь айынын этегинде «Инсан» банкынын аманатчылары администратор дайындоого байланыштуу Улуттук Банкты сотко берип, утуп алышкан.

XS
SM
MD
LG