Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Германиялык делегация Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушту


БИШКЕК. Германиянын Бундестагынын экономикалык кызматташтык комитетинин Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келген, депутат Маркус Ленинг баштаган делегациясын бүгүн президент Аскар Акаев кабыл алды. Делегация мүчөлөрү ушул эле күнү премьер-министр Николай Танаев менен да жолугушту. Николай Танаев Германия Кыргызстандын экономикалык реформаларына колдоо катары бөлгөн 161 миллион евро өлчөмүндөгү кредиттин 60 миллионун өкмөттүн кепилдиги эмес, банк кепилдиги аркылуу которууну өтүндү. Ал Кыргызстандын аймагында соңку жылдары күч алып кеткен табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга Германия тараптан жардам сурады. Германия Бундестагынын делегациясын бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев да кабыл алды.

XS
SM
MD
LG