Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ӨКМӨТ БАШЧЫ, КАТЫЛГАН «МУЗ ТОО», КИРЕШЕ-ЧЫГАША КАТЫШЫ, ЧЕТ ЭЛДИК КОМПАНИЯНЫН КЫҢЫР ИШТЕРИ


Реформалардын жай жүргөнү, өнүгүү темпин ылдамдатуу чакырыгы, президент А.Акаевдин бийлиги тууралуу элдин пикири, өлкөнүн экономикасынын жарым жылдык өнүгүшү, анын киреше-чыгашасы, «Реемтсма» компаниясынын билинип калган бүдөмүк иштери кыргыз басылмаларында арбын жазылды. Референдумдардан кийинки президенттин кең бийлиги тууралуу көпчүлүк кандай ойдо экенине да айрым басылмалар кызыккан.

Референдумдар тууралуу калк кандай ойдо экенине бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Асел Шербото кызыккан. Автордун электрондук сурамжылоосуна катышкандар президент турганда өкмөттүн кылаар кызматы эмне экенин так айта алышкан эмес. «Эгемендиктин тушунда өкмөт тогуз ирет алмашты», деп маалымдайт макаланын автору. Гезиттин сурамжылоосуна катышкандардын болгону 6% гана президенттин бийлиги бир колдон экинчисине мыйзамдык негизде, убагында өтөөрүнө ишене тургандыгын билдирген. Сурамжылоого алынгандардын 51% пикири боюнча, Кыргызстандагы өкмөт - президенттин калканчы гана.

Германиялык «Реемтсма» компаниясынын жалган экспорт операциясы Европада да жасалып, андан немис мамлекети 1 млрд. евро зыян тарткан. Германиядагы компаниянын айрым жетекчилерине кылмыш иштери ачылып, тергөө жүрүүдө. Гамбург прокуратурасы ишти аягына чыгарганга чейин дагы кыйла бүдөмүк иштер ачылчудай. Кыргызстандагы «Реемтсма» компаниясынын жалган экспорт операциясынан өлкөнүн бюджетине 6 млн. сом түшпөй калган. Азырынча дайыны чыкканы - компаниянын жалган экспортунан республиканын тарткан зыяны 18 млн. сомду түзөт.

2001-жылкы 1-инвестициялык саммиттен бери 2 жыл өттү. Бул аралыктын ортосунда 3 инвестициялык матрица ишке киргизилди. «Общественный рейтинг» гезити 3-инвестициялык саммиттин айрым катышуучуларына кайрылган. ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратовичтин пикиринде, Кыргызстанда экономикалык реформалар жай жүрүүдө. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, жакшы жашагыбыз келсе жыл сайын 8-10% темп менен өнүгүшүбүз зарыл. «Ал үчүн керзи өтүктөрдү чечип, спорттук кроссовка кийип, дүйнөлүк жөө күлүктөн ашып чуркашыбыз зарыл. Биз болсо эски тон менен чокойду чечпей, боргулданып чуркай албай отурабыз», - дейт Жоомарт Оторбаев.

«Ыкчам жаңыланууга жетишкенге чейин экономика аябай төмөндөп, турмуш начарлашын эксперттер башында эле айтышкан», деп белгилейт экономист Б.Кылычбеков «Слово Кыргызстана» гезитинин бейшемби күнкү санындагы макаласында. Автордун пикиринде, республикада мамлекеттик жөнгө салуунун эски механизмдерин бузуп талкалоо жаңы рынок механизмдерин түзүүгө караганда ыкчам жүрдү. «Ваучердик менчиктештирүү да ийгиликтүү жүргөн жок, мамлекеттик объектилердин көбү иштин көзүн билбегендерге итбекер арзанга кетти. Былтыр өлкө уюшкан кылмыштуулуктан 300 млн. сом зыян тартты. Бирок бул «муз тоонун» көзгө көрүнгөн гана жагы, прокуратура ачып чыккан иштер. Калктын көпчүлүгү баштагыдай эле мамлекеттик үлөштүрүү системасын, бекер окууну, бекер дарыланууну жакшы көрөт. Айыл чарбасындагы реформа көбүнесе туңгуюкка кабылып, айласы куруган калктын көбү башка жерлерге көчүүдө», деп белгилейт Б.Кылычбеков.

«Республиканын жарым жылда тапкан кирешесине караганда чыгашасы арбын болду», деп маалымдайт Галина Лунева «Кандай иштесек, ошондой жашайбыз» деген макаласында. Жарым жылдыкта Кыргызстан тышкы карыздарды жоюуга 265 миллионго жакын сом бөлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу арбын.

«Жалалабаддагы криминалдык жагдай начар экендиги башынан эле дайын болчу», деп жазат Эрлан Сатыбеков бейшемби күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде. Автордун жазышынча, кылмыштуу элементтер менен ички иштер кызматкерлеринин ич ара келишип алышынын натыйжасында тартип коргоо органдарында коррупция, шаарда кылмыштуулук өсүүдө.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Кыргыз руху» гезитинде айрым депутаттар эмитен эле шайлоо даярдыгын жүргүзө баштаганы, Жалалабад облус губернаторунун маеги, эстрада жылдыздарынын чыгармачылык дарамети тууралуу Бөкөнбай Боркеевдин макаласы жарыяланаарын басылманын башкы редакторунун орун басары Маматемин Рыскулов айтып берди.
XS
SM
MD
LG