Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

«Жол картасы» акырындап аткарылууда дейт БУУнун өкүлү


Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы чыгыш боюнча өкүлү Терри Род-Ларсен Жакынкы чыгышта тынчтыкты орнотуу боюнча «Жол картасын» турмушка ашырууда акырындап ийгиликтер болуп жатканын билдирди. Бирок палестин жана жөөт тарап ортодо ишенимдүүлүктү калыптандыруу үчүн бир катар кадамдарды жасоого тийиштигин эскертти. Анын айтымыда палестин тарап коопсуздукту камсыз кылууга көбүрөөк аракеттенип, ал эми Израил камактагы палестиндерди бошотууга тийиш. Ошондой эле Род-Ларсен Израил өкмөтүн, Израил менен Палестина ортосун бөлө турган дубалды курууну токтотууга чакырып, бул Палестин мамлекетинин калыптанышына көп кыйынчылыктар алып келерин билдирди.

XS
SM
MD
LG