Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

ТОНИ БЛЭР: “ТАРЫХ БИЗДИ АКТАЙТ”


Бүбүкан Досалиева, Прага Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр Америка Конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө АКШ менен Улуу Британиянын Иракка каршы согушун тарых актай тургандыгын айтты. Муну менен ал АКШ президенти Жорж Бушту эл аралык коомчулук менен каршылаштарынын алдында актагандай болду.

Премьер-министр Тони Блэр АКШ Конгрессинде сөз сүйлөө укугуна ээ болгон Улуу Британиянын төртүнчү өкмөт башчысы болду. Анын кырк мүнөткө жакын сүйлөгөн сөзү кол чабуулар менен 17 жолу токтотулду. АКШ Конгрессмендеринин мындай колдоосуна Тони Блэрдин Иракта массалык кыргын салуучу куралдар табылбаган күндө да бул өлкөнүн диктатору Саддам Хусейнге каршы ачылган согушту тарых актайт деп билдиргени себеп болду. Ал тууралуу Блэр конгрессте мындай деп айты:

- Биз терроризм менен массалык кыргын салуучу куралдар бириктирилсе, жалпы коркунучту пайда кылбайт деп айта алабызбы?Бир гана нерсени ачык айталы. Биз жаңылган күндө да, биз адамдарды азапка салган, жалпы адамзатка каршы кылмыштарды жасаган режим коркунучунан кутулдук. Бул үчүн тарых бизди актаарына ишенем. Биздин каршылаштарыбыз жаңылып жатышат. Эгер биз аракет кылбай койсок, улуу алаамат менен бетме-бет келип калмакпыз. Ошондо тарых бизди кечирмек эмес, мен муну өзүмдүн жан дүйнөмдүн ар бир бөлүгү менен сезип, ишеним турам.

Блэр андан тышкары “Америка мурун азыркыдай күчтүү жана дүйнөгө зарыл болбогондугун жана буга чейин аны эч ким мынчалык туура эмес кабылдабагандыгын” баса белгиледи. Ошондой эле Улуу Британия АКШны дайыма колдоорун, анын “кубатына каршы турууга аракеттенүү азыр эскинин калдыгы” катары саналаарын жарыя кылды. Бирок, “Вашингтон дайыма көч баштоочу эле болбой, башкаларды да уга жүрүүсү” ашыктык кылбасын да кыйытты.

Тони Блэр бул сөздөрү менен Иракка согуш ачууга башкы себеп болгон массалык кыргын салуучу куралдардын Ирактан табылбай тургандыгын мойнуна алгандай жана ошол эле учурда Жорж Буш экөөнү кинелеп жаткан сынчылардын оозун баскандай болду. Анткени, президент Жорж Буш январдагы элге кайрылуусунда Ирактын президенти “Саддам Хусейнди күч менен куралсыздандыруу керек” деп, ага негиз берчү тогуз пункттан турган тезисинде айтылган маалыматтардын азырынча бири да толук далилдене элек. Анын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн “химиялык жана биологиялык куралдарды чыгаруучу ири өнөр жайлар” жана алар мурда чыгарылгандыгын далилдөөчү химиялык заттар азырынча табылган жок. Коалициялык күчтөр ушундай куралдарды чыгарышы мүмкүн деген божомол менен бир жүк ташуучу машинаны табышкан эле. Аны көргөн эксперттер машинада курал чыгарууга боло тургандыгына күмөн санап жатышат.

Буштун “Ирак Нигериядан тымызын түрдө уран сатып алууну көздөгөн” деген билдирүүсү да далилденбей, ал эл аралык ири чууну жаратты. Маалымат тастыкталбай берилгендигин АКШнын борбордук чалгындоо кызматы мойнуна алгандан кийин Буш менен Блэрдин каршылаштары ого бетер катуу сындоого өтүшкөн эле.

Ал эми Пентагон Иракка жиберген эксперттик топ июндун акырынан июлдун башына чейин иликтөө жүргүзүп, Ирактын келечеги алдыдагы үч айдагы аракетке байланыштуу деген чечимге келди. Андан тышкары Жорж Буш Ирактагы диктатордук режимди кулатып, демократиялуу өкмөт түзөм деген максатына эл аралык коомчулуктун гана колдоосу жана тикелей жардамы менен жетээрин билдирди. Бул жагдайдан алганда АКШны толук колдоорун ачык айткан Тони Блэрдин билдирүүсү Бушка жакшы демөөр болору шексиз.

XS
SM
MD
LG