Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

БРИТАНИЯ: КЕЛЛИНИН ӨЛҮМҮНҮН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?


Британияда “Ирак согушун ачууга кандай негиздер бар эле” деген талаш-тартыштуу маселе боюнча иликтөөлөр жүрүп жаткан кезде, бул жаңжалды ого бетер күчөткөн окуя орун алды. Жума күнү өлкөнүн коргоо министрлигинин эксперти Дэвид Келлинин сөөгү үйүнөн алыс эмес жерде табылды. Оппозициядагы консерваторлор партиясынын лидери Ян Дункан Смит болсо премьер-министр Тони Блэр Азия сапарын токтотуп, Лондонго кайтып келиши керек деген оюн билдирди.

Полициянын алгачкы иликтөөлөрүнүн натыйжасында Оксфордшиир токоюнда табылган кишинин сөөгү Дэвид Келлиге таандык деп табылды. Темза өрөөнүнүн полициясынын басма сөз өкүлү Дэвид Пөрнел окуяга байланыштуу ишемби күнү мындай деген маалымат таркатты:

- Кечээ эртең мененки саат тогуз жыйырмада Хэрроудаун дөңүндө табылган сөөк Саусмоордогу Фарингдон Роуд көчөсүндө жашаган 59 жаштагы доктор Дэвид Келлиге таандык экени аныкталды.

Полициячы өлүмдүн себептери жөнүндө буларды кошумчалады:

- Сөөктү иликтөө көрсөткөндөй, маркумдун өлүмүнө сол билегинин жараатынан улам кан көп жоготкондугу себеп болгон. Жараат миздүү нерсе менен кесилгенден улам болгон. Кырсык болгон жерде бычак жана ооруну басуучу копроксамол дарысынын ачык кутучасы табылды. Тергөө улантылып жатат, азырынча кимдир-бирөөнүн бул окуяга катышы бардыгын далилдеген белгилер жок.

Бул окуя асманын ансыз да булут каптаган Британ өкмөтүнүн абалын ого бетер кыйындатты. Бир нече убакыттан бери парламентте Блэр администрациясы Ирак согушун баштоо үчүн жетиштүү негизге эгедер беле деген собол боюнча угуулар уланып жатат. Мындай иликтөөлөргө маалымат каражаттарындагы бир кабар түрткү берген. Атап айтканда, ББСнин май айындагы берүүлөрүнүн биринде кабарчы Эндрю Гиллиган Британ өкмөтү Ирактын кыргын салчу куралы бар деген чийки маалыматты апыртып-көбүртүп жиберген деген мазмундагы репортажын көрсөткөн эле. Премьер-министр Тони Блэрдин басма сөз катчысы Алистэр Кэмпбэлл бул чындыкка дал келбейт деп, компаниянын кечирим суроосун талап кылган. Парламенттин алдында сүйлөгөн сөзүндө Кэмпбэлл мындай деген:

- Би-Би-Синин берүүсүнө байланыштуу бул жалган деп гана айта алам. Улам-улам кайталанып жаткан жалган кабар. Бул үчүн менден (Би-Би-Сидегилер) кечирим сурашмайынча, мен Парламентти жана калган элди бул маалымат чындыккка дал келбейт деп ишендирүү багытындагы аракетимди уланта берем.

Компания өкмөттөн кечирим сурабай турганын эскертип, маалымат “ишенимдүү жана расмий” булактан алынганын айткан эле.

Ошондой жең ичинен маалымат берген булак - коргоо министрлигинин эксперти, буга чейин 1991-1998-жылдары БУУнун курал инспектору болуп иштеген доктор Дэвид Келли болуп жүрбөсүн деген шек менен, ал өткөн шейшембиде парламенттин тышкы иштер комитетинин алдында суралып, бул ишке өзүнүн тиешеси жоктугун айткан. “Журналист Гиллиган менен жолугушкам, бирок өзүмдү Би-Би-Синин маалыматынын булагы болдум деп санабайм”, - деп айткан эксперт.
Анын жубайы Жэнис Келли бейшембиде күйөөсү кечки сейилден кайтып келбеген соң, полицияга кайрылган. Жэнистин айтымында, Келли коомдук талаш-тартышка куру-бекер аралаштырылып жатканынан улам абдан ачууланып, нааразы болуп жүргөн.

Азияда сапарлап жүргөн Тони Блэр Келлинин өлүмүнө байланыштуу терең өкүнүчүн билдирди. Ишембиде журналисттерге ал мындай деди:

- Бул, албетте, чоң трагедия. Дэвид Келлинин үй-бүлөөсүнө көңүл айтам. Ал коомго эмгеги сиңирген киши болчу. Өткөн чакта өлкөсү үчүн көп жакшылык жасаган эле, келечекте да ошондой кылмак эле деп толук ишеним менен айта алам. Эми иликтөө менен катар так жана көз каранды тергөө жүргүзүлөт жана бул ишке айкындык киргизилет деп ишенем.


Оппозициядагы консерваторлор партиясынын лидери Ян Дункан Смит көз карандысыз иликтөө идеясын кубаттап, бир эле мезгилде Блэрди Лондонго дароо кайтып келүүгө үндөдү:

- Мен өкмөт башчысы болсом, сапарымды кыскартып, үйгө кайтып келмекмин. Алдыдагы бир нече күндө көптөгөн суроолорго жооп берүүгө туура келет. Менин оюмча, мен премьер болсом, чукул арада кайтып келип, бул иш менен алектенмекмин.

Британ басылмалары бул окуяны кеңири талкууга алып, айрымдары окумуштуунун өлүмү үчүн Блэрдин кабинетин айыптап жатышат. Алтүгүл, өкмөттүн басма сөз өкүлү Алистэр Кэмпбэллди кызматынан чегинүүгө чакыргандар да жок эмес. Албетте, тергөө иши жүрүп жаткан кезде кандайдыр бир жыйынтык жасоого эртелик кылат. Бирок бир нерсе анык – Келлинин табышмактуу өлүмү Британиянын азыркы өкмөтүнүн беделине кезектеги олуттуу сокку болду.

XS
SM
MD
LG