ЖАЛАЛАБАД. Голландиянын «Хивос» уюмунун колдоосу менен Аксы районунда «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун долбоору иштей баштады. Анын максаты - кыргыз-өзбек чек арасынын демаркацияланышына чейин райондо стабилдүүлүк менен социалдык абалдын жакшырышына салым кошуу. Долбоордун алкагында чек арага жакын айыл-кыштактардын тургундарына талаш жерлерди тактоо эки өлкөнүн мыйзамына ылайык жүрөөрү түшүндүрүлөт. Кошуна кыштактарда чыр-чатак чыкпашы үчүн аксакалдар арасында элдештирүү топтору түзүлөт, маданий-массалык иштер уюштурулат. Жол оңдоо, суу чыгаруу өңдүү техникалык иштерге 1 млн. сом акча жумшалат. Долбоорду голландиялык «Хивос» уюму каржылайт.