БИШКЕК. Ак Үй АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси кылып философия илимдеринин доктору Стивен Янгды дайындады. Бул тууралуу маалымат бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынды. Жаңы элчи Кыргызстандагы ишине 31-августка чейин киришмекчи. Стивен Янг 1974-жылы Чикого университетин аяктап, тарыхчылык кесипке ээ болгон. 2001-жылдан 2002-жылдын июлуна чейин Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин Ооганстан, Пакистан жана Бангладеш мамлекеттери боюнча кеңсесин, акыркы бир жылда болсо Кытай, Монголия боюнча бөлүмүн жетектеп келген. Элчи үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.