Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Дэвид Келлинин өлүмүн лорд Хаттон иликтейт


Дэвид Келлини өлүмгө алып келген кырдаалды иликтөө лорд Хаттонго тапшырылды. Ал иликтөө негизинен ачык болорун билдирди. Бул ишке кимдер тартыларын бүгүн Лондондо Хаттон минтип билдирди: Бул менин чечимим боло турган иш. Ошондуктан менин иликтөөмө кимдер тартыларын жана кандай масштабда болорун жакын арада аныктаймын. Анын айтымында өкмөт иликтөөгө толук кол кабыш кылууга убада берди. Ирак куралына байланыштуу маалыматты Дэвид Келлиден алганын ВВС корпорациясы кечээ күнү ырастады. Бул чатактын айынан Дэвид Келли жабыркап, аягында өзү сол колунун тамырын кесип, кан кетүүдөн өткөн жумада набыт болгон эле. Ал эми Британ өкмөтүн Келлинин өлүмү кризиске кептеди.

XS
SM
MD
LG