Азербайжандын Түркиядагы элчиси бүгүн Анкарада маалымат жыйынын өткөрүп, президент Гейдар Алиевдин саламаттыгы начарлап, өлүм алдында жатат деген маалыматтарды ушак кеп катары баалады. 80 жаштагы Азербайжандын жетекчиси Алиев 8-июлдан бери Түркиядагы аскерий госпиталда дарыланып жатат. Бакулук элчи Мамед Алиев: "Азербайжандын президентинин ден соолугу ойдогудай, анын эч кандай кооптуу деле дарты жок жана жакында ал мекенине кайтып барат", - деп көпчүлүктү ишендире кетти.