Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОРУС ТИЛИНЕН МУРДА АНГЛИС ТИЛИНЕ УМТУЛУШУУДА


Чолпон Орозобекова, Бишкек Совет убагында кыргыздар орус тилин дүйнөлүк коомчулукка жалгыз көпүрө катары карашчу. Кыргыз жаштары орус тилин мектеп босогосун аттаары менен чоң аракет менен үйрөнө баштаар эле. Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки жылдары орус тили менен катар англис тилинин кадыры өстү. Азыр кыргыз коомчулугу орус тилинен мурун англис тилин өздөштүрүүгө билек түрүнө киришкен чагы.

Орус тили Кыргызстанда өз ордун жогото элек. Анын үстүнө кыргыз бийлиги орус тилинин ырасмий статусун мыйзам аркылуу бекемдеп койгонуна бир жылдан ашпадыбы. Кыргыздар үчүн Совет убагында орус тилин билип алуу эле чоң жетишкендик болчу. Партиялык кызматтарда иштөөгө же Москванын кадырлуу окуу жайларынан билим алыш үчүн орус тилин тыңыраак билгениңдин өзү эле марага жетүүнүн бирден-бир кепилдиги болчу. Эми болсо кыргыз коомчулугу жалгыз орус тилин билүү жетишсиз болуп калганын аңдап отурат.

Айрым маалыматтарга караганда, Бишкекте эле англис тилин үйрөтүүчү 100гө жакын курстар бар. Ар биринин окутуу ыкмасы жана баалары ар кандай. Мисалы, «Лондон мектеби» өңдүү айрым курстарда америкалык же Лондондон келген мугалимдер сабак бергендиктен, акысы катардагы студенттердин чөнтөгүнө чак келбейт. «Вечерний Бишкек» өңдүү басылмаларда өз алдынча тил үйрөтүү боюнча жарыялар күн сайын жайнап чыгат. Андай өз алдынча окуткан мугалимге саатына 70 сомдон 100 сомго чейин акы төлөйсүң. Англис тилинин Бишкектеги эң атактуу курсу - «Юбилейка» деп аталган курс. Анын ачылганына 12 жыл болду. Башкы окутуучу Лариса Баязованын айтымында, алгачкы жылдары чет мамлекетке көчүп кетип аткандарды окутушчу экен. Жылдан-жылга жөн гана өзү үчүн окуп аткандардын саны арбып барат.

- Көпчүлүк жаштар азыр англис тилин өз алдынча курстардан үйрөнүүгө далалаттанышууда. Алар гана эмес, улгайган адамдар деле окуп атышат. Биз сабак натыйжалуу болсун үчүн күн сайын сабак өтөбүз. Айына 2000 сом акы алабыз. Кээде кенедей балдарын жетелеп келген ата-энелер да болот. «Азыр эрте» деп албай коебуз, - дейт Лариса Баязова.

Кыргыз өкмөтү да маал-маалы менен англис тилине көңүл буруп келатканы байкалат. Мисалы, былтыр өкмөт Үйүндө каалоочулар үчүн англис тилинин бекер сабактары өтүлгөн. Эгер өкмөт Үйүнө баам салсак, англис тилинде эркин сүйлөгөндөр да жолугаары кубандырат. Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Аскар Акаев өзү да бул тилде дурус сүйлөйт. Жолугушууларда болсо дипломатиянын эрежелерине ылайык мамлекеттик тилде же ырасмий тилде пикир алышат. өкмөт Үйүндө англис тилин билгендер - Осмонакун Ибраимов, Ильяс Бекболотов, Абдил Сегизбаев, Жоомарт Оторбаев. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинде, өкмөт Үйү менен парламенттин эл аралык, протокол бөлүмдөрүндө иштегендердин арасында да англис тилин мыкты билгендерди учуратасың.

Англис тилине болгон мынчалык кызыгууну байкоочулар бул заманда чет тил билүү жакшы маяналуу жумушка орношууга жана келечекте оюңдагыдай карьера жасоого жол ача тургандыгы менен чечмелешүүдө. Борбор Азиядагы Америка университетинде дарс окуган Улуу Британиянын жараны Жон Хевешоу кыргыз студенттеринин англис тилинде таза сүйлөгөнүнө таң калды. Анын пикиринде, кыргыз жаштары англис тилин үйрөнүүдөгү ар кандай кыйынчылыктарга карабай, жакшы жумуш табуу жана башка ийгиликтерге жетиш үчүн окуп атышат. Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков англис тилин өзү да үйрөнүп жүрөт. Ал «азыр жаштар англис тилин да, орус тилин да катар үйрөнгөнү оң» деген оюн айтты.

- Орусия менен карым-катнаш көп жылдарга чейин тыгыз болот. Ошондуктан орус тили актуалдуулугун жоготпойт. Бул эки тилди бирдей үйрөнүш керек. Себеби, ангис тилин билбегендерге да кыйын болуп атпайбы! - дейт Ишенбай Абдуразаков.

Улгайып калган адамдардын арасында «жашыраак болсом тил үйрөнбөйт белем» деп өкүнгөндөр да арбын. Алардын көбү АКШ, Улуу Британия, Индия өңдүү өлкөлөр менен карым-катнаш күчөгөн бүгүнкүдөй кырдаалда англис тилинин зарылдыгын танышпайт. Жогорку Кеңештин депутаты Карыпбек Алымкулов бир кезде англис тилин үйрөнгөнгө далалаттанып да көргөн. Анын айтымында, бир канча жолу бул тилди жаттаганы менен, чөйрө жок болгондуктан, кайра эле унута баштаган. Ал депутат катары эл аралык жолугушууларга барып калганда бул кемтик сезилээрин айтат. «Ошондой учурда өзүңдү башкалардан кем сезип, жаман болосуң», - дейт Карыпбек Алымкулов.

Кыргызстандын жаштары англис тилин билүүнү жакшы жашоого умтулуу катары түшүнүшөт. «Эгер тил билсең, чет элдик фирмалардан, керек болсо чет мамлекетке барып жумуш таап аласың», - дейт Ишеналы Арабаев атындагы университеттин студенти Чынара Аманова. «5 жыл бою мугалимдик кесипти окугандан көрө англис тилин суудай билип алсам кор болбойт элем», - деп үшкүрдү студент кыз. Үшкүргөнү – «Мугалимдин 1000 сомго жетпеген айлыгы менен кантип жашайм?» дегени. Жанындагы эле англис тилин билген курдашы котормочу болуп, бир күндө 2000-3000 сом таап атканын көрүп жүрбөйбү.

Бүгүнкү замандын талабын байкап туруп, Кыргызстанда азыр тил үйрөнүүдөн эч ким качпасы анык. Бирок англис тилин үйрөнүү деле капчыктын калың-жукалыгына көз каранды. Азыр америкалык же англичан окутуучулары бар сабактардын баасы бир айга 100 долларга жакындап барат. Мынчалык каражатты кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү эки же үч айда араң иштеп табышат. Англис тили өзүнүн актуалдуулугу үчүн мектептерде мугалимдерге кошумча каражат булагы да болууда. Атайын курстарга алы жетпеген ата-энелердин балдары саатына 20-30 сом төлөп, мектептеги эле мугалиминен кошумча сабак алып жатышат. Бул эми шаар жеринде. Элеттиктердин кай биринин айылдаш мугалимине жок дегенде 10-15 сом төлөп балдарын тереңирээк окутууга да чамасы жетпейт. Бишкекте англис тилин суудай билген жаштардын бир агымы пайда болгону менен, эң өкүнүчтүүсү - айылдыктар жетиштүү шарттын жоктугунан улам чет тилдерге колу жетпей калды.
XS
SM
MD
LG