Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Конгресс 2001-жылдагы террордук актыны болтурбай коюу мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыкты


«2001-жылдын 11-сентябрында АКШда орун алган террордук актыларды болтурбай коюуга болмок», - деген 900 беттен турган жыйынтыктоочу документти АКШ Конгресси кечээ күнү жарыялады. Анда эгерде АКШнын атайын кызматтары өз убагында маалымат алмашып, тийиштүү чараларды көргөндө террордук актылардын алдын алууга болот эле деп айтылып, мындан ары атайын кызматтарга маалымат алмашууну жакшыртуу сунушталган. Конгресстин иликтөөсүнө караганда, АКШнын атайын кызматтары 1994-жылы учактарды пайдалануу менен террордук акты жасоо аракеттери бар экени тууралуу маалымат алышкан. Конгресс иликтөөсүнүн 28 бети ачыкталган жок. Ал беттерде Сауд Аравиясынын учактарды ала качуу менен террордук акты жасоого тиешеси бардыгы жөнүндө маалымат камтылган. Конгресс өз иликтөөсүн 2001-жылы орун террордук актыдан кийин баштаган.

XS
SM
MD
LG