БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн Электр энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш 28-июлдан тартып ишке киришет. Бул тууралуу бүгүн Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Уларбек Матеев маалымдады. Кеңештин негизги максаттары - өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун, электр энергетика тармагын комплекстүү башкарууну камсыз кылуу, энергетикалык компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу. Кеңешти премьер-министр Николай Танаев жетектейт жана ага өлкөнүн бир катар министрликтери менен мекемелеринин, энергетикалык компаниялардын башчылары, облустардын губернаторлору, Бишкек менен Оштун мэрлери кирет.