Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

ӨЗБЕК-КЫРГЫЗ ПИКИР КЕЛИШПЕСТИГИ, ЭКИ ЭСЕ КӨБӨЙГӨН ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЛМЫШТАР, СОТТОН УТУЛБАГАН ПРЕЗИДЕНТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргызстандык атуулдун өлүмү туурасында нота алмашууну улантышты. Акыркы жарым жылда экономикалык кылмыштардын былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көбөйгөнү маалым болду. ЕККУнун туруктуу кеңеши жакында Кыргызстанда өткөн «Өнөктөштүк форумун» оң баалады. Өкмөт стратегиялык маанидеги объектилердин тизмесин бекитип, аларды менчиктештирүүгө уруксат берүү жагынан ыйгарым укукка ээ болду.

Кыргыз-өзбек чек арасында кыргызстандык Адылжан Үркүнбаевдин өзбек чек арачысынын аткан огунан 16-июлда ажал табышы тууралуу эки тараптын пикир келишпестиги бул аптада басылган жок. Тараптар бири-бирин айыптап экиден нота жибергенге үлгүрүштү. Мындан тышкары, Өзбекстан чек араны минадан тазалоо тууралуу Кыргызстандын сунушуна жооп айта элек. Айрым байкоочулардын пикирлерине караганда, мындай жагдай эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге кыйла көлөкө түшүрүүдө. Маселен, саясий баяндамачы Турат Акимовдун пикири ушундай:

- Маселенин жылдан-жылга курчуп келатканы сезилип атат. Проблемалар карым-катыштын ортосуна «сайылып» калып атат.

Ал эми Тажикстан өзүнүн Шураб чек ара бекетин эки чакырымдай артка жылдырып, Шураб шаарынан чыга бериштеги мурда турган жерине коюуга аргасыз болду. Анткени Тажикстан бул чек ара бекетин быйыл февралда Кыргызстандын аймагына эки чакырымдай кирип, Баткендин Самаркандык айылына жакын жерге коюп алган.

Ал арада Улуттук статистика комитети 2003-жылдын 6 айындагы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктарын жарыялады. Анын маалыматтарына караганда, акыркы жарым жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продуктусу 29 млрд. 545 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 2,3% өстү. Инфляциянын деңгээли өткөн жарым жылда 3,1% түздү. Ал эми экспорттун көлөмү өткөн 5 айдын ичинде 200 млн. долларды, импорттун көлөмү болсо 242 млн. долларды түздү.

Бирок, Каржы (Финансы) министрлигинен алынган маалыматка караганда, быйыл экономикалык кылмыш көп. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 айында экономикалык мыйзам бузууларга байланыштуу 350 факт катталып, 224 кылмыш иши козголгон. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2 эсе көптүк кылат. Экономикалык кылмышты аныктоо жакшырып, тартылган чыгымды кайтаруунун көрсөткүчү 2,5 эсе өскөнү менен, сотко ашкан иштердин көлөмү 35% түздү. Айрым саясатчылардын айтымында, ушунун өзү эле экономикалык кылмыштар күчөп баратканын, алар менен күрөшүү солгун экенин көрсөтүп турат. Мисалы, оппозициялык «Арнамыс» партиясынын башчысынын орун басары Эмил Алиевдин пикири ушуга жакын:

- Булар иштеген жок да. Статистика боюнча, орчундуу ачылган бир да иш жок.

Бул күндөрү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Туруктуу кеңеши Кыргызстанда 19-июлда өткөн «Өнөктөштүк форумунун» ишин талдап чыгып, негизинен анын жыйынтыгын оң баалады. Анда айтылгандарга караганда, Кыргызстан демократия жолунда баратат. Алар кандай чен-өлчөм менен баалаганын ким билет, бирок чын-чынына келгенде өлкөдө мыйзам алдында баары бирдей деп айтыш кыйын. Акыркы эле мисал: Бишкек шаардык соту президенттик администрацияга каршы берилген Акин Токталиевдин доо арызын кароодон баш тарткан чечим чыгарды. Акин Токталиев «президенттик администрациянын жалпы бөлүмү атуулдардан түшкөн арыздарды өз убагында карабай, өз маалында жооп бербей жатат» деп, андан 100 миң сом өндүрүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Дегинкисин азырынча президенттик администрациянын өкүлүнүн соттон утулушун элестетиш кыйын.

Дагы бир маанилүү жаңылык - мындан ары Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык мааниси бар мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү өкмөттүн макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Премьер-министр Николай Танаев атайын токтом менен стратегиялык мааниге ээ болгон объектилердин тизмесин бекитти. Мамлекеттик мааниге ээ болгон объектилердин катарына энергетика, тоо-кен, металлургия жана башка тармактардагы 50дөн ашуун ишканалар киргизилди. Алардын арасында «Кыргызгаз», «Кыргызалтын», «Кыргызстан аба жолдору», «Кыргызтелеком», «Учкун» жана башка акционердик коомдор, мамлекеттик ишканалар бар. Бул бир жагынан өкмөткө бир топ мүмкүнчүлүк берсе, экинчи жагынан стратегиялык объектилерди колдон чыгаруу эмнеге алып келээрин мамлекет кечирээк да болсо түшүнө баштаганын кыйытат. Үчүнчүдөн, маанилүү объектилерди өз карамагында кармап туруу аркылуу мамлекеттин азыркы башчылары саясий кырдаалды да көзөмөлдөп тургусу келет окшойт.

Бул аптада Оорусайда башталган селден улам Аларча капчыгайындагы 6 көпүрөнү, 20дан ашуун дачаны суу алып, 100дөн ашуун дачаны сел чайып кетти. Көпүрөлөрдү сел алып, коркунучта калган 60ка жакын адам «Аларча» альпинисттик лагеринен тик учма менен ташылды. Мындан тышкары, Лейлек районундагы Аксуу тоосунда кырсык болуп, Түштүк Кореянын эки альпинисти набыт болду.

Кыргыз журту жыл өткөн сайын эки заманды тең тааныган, элдик нарк-насилди мыкты билген даанышман адамдары менен кош айтышып келет. Кечээ эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, ветеринардык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ветеринардык дарыгери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Абдулхай Алдашевдин сөөгү Бишкектеги «Аларча» көрүстөнүндө жерге берилди. Абдулхай Алдашев 1918-жылы 19-декабрда Жетиөгүз районундагы Аккочкор айылында туулган. 1939-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Ал ири окумуштуу катары биологиялык активдүү 30 заттын дарылык баалуулугун ачкан, анын 11ине ойлоп табуучунун автордук күбөлүгү берилген. Абдулхай Алдашев таасын окумуштуу, таланттуу акын-жазуучу, энциклопедиялык билимге эгедер акылгөй инсан катары элдин эсинде калды.
XS
SM
MD
LG