Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Корея согушунун аяктагандыгынын 50 жылдыгы белгиленди


16 мамлекеттен келген корей согушунун ветерандары бүгүн Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы демилитаризацияланган алкакта чогулду. Алар үч жылга созулган корей согушунун бүткөндүгүнүн 50 жылдыгын белгилешти. 2500 киши, алардын ичинде 900 ветеран корей согушунда каза болгондорго арналып тургузулган эстеликтин ачылышына катышты. 1953-жылы Панмунжондо жарашуу келишимине кол коюлган. Бирок андан бери эки тарап тынчтык келишимине жетише элек. Каршылашкан жактардын аскерлери дале тирешип турат. Бир жагынан бир миллиондуу Түндүк Корея аскери, ага каршы Түштүк Кореянын 37 миң жана АКШнын 7миң аскери турат. Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуу программасына байланыштуу АКШ менен Пхеньян ортосунда кризис өткөн жылы октябрь айында башталып, Корей жарым аралындагы кырдаалды ого бетер курчутту. Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон Бээжинде Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу Кытайдын тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр өткөрөт. Андан кийин Жон Болтон ушул эле маселе боюнча сүйлөшүү үчүн Сеулда жана Токиодо болот.

XS
SM
MD
LG