Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Украинада өткөн жылкы трагедия эскерилди


Украинда бүгүн өткөн жылы авиация майрамы учурунда кырсыктан каза болгондор эскерилди. Былтыр Львовдо уюштурулган аскерий учактардын шоусунда бир учак кырсыкка учурап, жерге кулап түшкөндөн 77 адам каза болуп, 150 ашууну жаракат алган эле. Бүгүнкү эскерүүгө миңдин тегерегинде, негизинен жабыркагандардын туугандары чогулушту. Алар өткөн жылы авиа шоуну көрүүгө келген адамдардын коопсуздугун камсыз кылбагандыгы үчүн Украин коргоо министрлигин сентябрь айында сотко берүүгө камданууда.

XS
SM
MD
LG