Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

АЛТЫНКӨЛ – БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ ТУРАГЫ


Султанаалы Арстанбек, Бишкек Хакасияда кыргыздардын байыркы жана орто кылымдарда жашаган учурунан сакталып калган тарыхый белгилер Алтынкөлдүн айланасында арбын экени тууралуу илимпоздордун баалуу материалдары бар.

Көчмөн жашоонун шары менен байыркы жана орто кылымдарда канчалаган уруулар, элдер бири-бири менен тагдырлаш болуп аралашканы белгилүү. Жортуулдардын натыйжасында алсыздары күчтүүлөргө тизе бүгүп, бир ураанга биригип кеткен учурлар да тарыхта арбын кездешет. Мына ушундай көөнө тарыхы бар элдердин бири саналган кыргыз элинин байыркы турактарынын бири - Хакас жергесиндеги Алтынкөлдүн айланасы болгон. Бул тарыхый сырларга чулганган жер тек гана жалпы кыргыздар жашоо кечиргени үчүн эмес, эл мыктыларынын турагы, таяныч тутчу борбору болгондугу үчүн былтыр президент Аскар Акаев расмий иш сапарында ал жерге атайын кайрылып, зыярат кылып кеткендиги дайын.

Мына ушул Алтынкөл кылаасы эмне үчүн ушундай аталыш алгандыгы тууралуу тарых илимдеринин доктору, Хакас мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын башчысы Виктор Яковлевич Бутанаев тамаша-чыны аралаш мындай дейт:

- Алтынкөл - чоң жана кичине токойлордун ортосунда жайгашкан суу топтому. Ушул өрөөндө жашаган бир кыргыз байы кайсы бир ачарчылык каптаган учурда ат башындай алтынды көтөрүп Абакан аймагында жашаган бүткүл элди кыдырып бир табак буудайга алмаштыра албай койгон экен. Ошондо ызаланып, «бир табак буудайга тең болбогон ат башындай алтындын кереги кимге» деп, ушул көлгө таштап жиберген дейт. Ошол күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин бул жер Алтынкөл деп аталат. Канча изилдөөчүлөр уламыштын негизинде алтын издеген учуру болду. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.

Ал эми бул жердеги тарыхый маалыматтар тууралуу тарых илимдеринин доктору, Новосибирск университетинин профессору, илимий экспедициянын мүчөсү Юлий Сергеевич Худяков мындайча маалымат берген:

- Ушул өрөөндөн кыргыздарга тиешелүү тарыхый маалымат жазылган эки таш табылган. Алардын бири 711-жылы сырткы душмандарга каршы күрөшүүдө шейит кеткен Барсбек каганга тиешелүү болсо, экинчиси - Кыргыз мамлекетинин чамгарагын көтөрүүгө салым кошкон элчи Эрен улукка тиешелүү. Бул таш белгилерден сырткары да, тарыхый окуялардан маалымат берген археологиялык баалуу материалдар болушу мүмкүн. Тилекке каршы, андай маалыматтар азырынча табыла элек. Бул аймак - кыргыз тарыхын изилдеш үчүн өтө баалуу жер.

Жогоруда белгиленген 711-жылдагы кан төгүлгөн каардуу согуштун натыйжасында пайда болгон түнт токой тууралуу тарых илимдеринин доктору, этнограф Виктор Яковлевич Бутанаев мындай дейт:

- Бул жер кыргыздардын коргонуу амалы менен согушкан жери катары эсептелет. 711-жылы кышында кыргыздардын башына түшкөн чоң апаат - түрктөрдүн бейкапар жаткан элге кол салуусу болгон. Мына ошол кандуу кыргында курман болгон жоокерлердин жана аттардын сөөгүнөн жаралган эки тилке болгон жыштыктар Чоң жана Кичине токой аталат.

Бул аймактын келечеги тууралуу кыргыз, орус окумуштууларынын биргелешкен чалгындоо экспедициясынын жетекчиси, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанканов буларга токтолгон:

- Алтынкөл аймагы кыргыз тарыхын изилдөөчүлөр үчүн бузулбаган дың боюнча турат. Кыргызстандан атайын археологдордон жана этнографтардан турган изилдөөчүлөр келип иштесе, далай тарыхый маалыматтардын сыры ачылат. Ошондуктан бул аймак тарыхый өзөк катары келечекте бир топ изилдөөнү талап кылат.
XS
SM
MD
LG