Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Кытай менен Кыргызстан макулдашууга кол коюшту


БИШКЕК. 28-июлда Бишкекте Кытай Эл Республикасынын Шиңжаң уйгур автономиялык районундагы транспорт департаменти менен Транспорт жана байланыш министрлигинин ортосунда аба жана транспорт каттамдарын калыбына келтирүү тууралуу макулдашуу кабыл алынды. Макулдашууга ылайык эки өлкө ортосунда транспорт 11-августтан баштап үзгүлтүксүз каттайт, ошондой эле эл жана жүк ташыган автоунаалар чекарага чейин тартип коргоо кызматкерлеринин коштоосу менен жеткирилип турат.

Транспорт жана байланыш министринин орунбасары Айзат Ажикеевдин билдиришинче, эки өлкө ортосундагы жол каттамдары 27-мартта болгон Бишкек-Торугарт окуясынан жана Кытайда өнөгөсүз өпкө илдетинин пайда болушунан кийин сээлдеп калган. Кыргыз өкмөтү илдетке байланыштуу каттамдарды убактылуу токтото туруу тууралуу 12-майда буйрук берип, аны 3-июлда жокко чыгарган. Ал эми 14-июндан тарта эки өлкө ортосундагы каттамдардын визалык тартиби киргизилген.

XS
SM
MD
LG