Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Ирактагы кырдаал басаңдаган жок


Дүйшөмбү түнү Иракта АКШнын эки танкасы иштен чыкты. Бул гранатомет менен аткылоодон улам болду. АКШнын штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин төрагасы Ричард Майерс Ирактын борбору Багдад менен Тикрит шаарынын ортосун “аскерий аймак” деп атады. Анын айтуусу боюнча, чет элдик аскерлерге кол салуулар менен аткылашуулардын 80 проценти мына ушул аралыкта болуп жатат. Кечээ Багдадда АКШнын дагы бир жоокери набыт болду. Бул Иракта согуш аяктады деп жарыялангандан бери АКШнын бул өлкөдө курман болгон 50-жоокери. Ал эми көп жылдар бою Саддам Хусейндин жеке кайтаруучусу болгон Аднан Абдулла Адид ал-Муслит Тикрит шаарында кармалды. “Вашингтон пост” гезити АКШ Польшанын Иракта кызмат кыла турган 900 жоокеринин тамак-ашы жана аларды алып келүү үчүн 200 миллион доллар төлөй тургандыгын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG