Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Ош шаарында убактылуу абакта отурган эки милиционер ачкачылык жарыялады


ОШ. Рыскулов Исмаил 23-июлдан бери, Ташболотов Төрөбек кечээтен бери ачкачылык жарыялоодо. Бул нааразылык акциясы тууралуу алар кечээ Ош облустук прокуратурасына, СИЗОнун жетекчилигине, Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнө билдиришкен. Ачкачылык жарыялаган айыпкерлерди СИЗОнун медициналык бөлүмү көзөмөлгө алууда.
Рыскулов Исмаил Каракулжа райондук милициясынын күзөт бөлүмүнүн башчысы, Ташболотов Төрөбек анын жардамчысы болуп иштеп турганда, айыпкер Бөкөбаев Тургунбек камерада каза болгон. «Маркумду уруп-сабаган» деген айып менен бул экөөнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Алар: «Тергөө иши создуктурулбай тезирээк жыйынтык чыгарылсын. Бөкөбаевди бизге алып келгенге чейин милиция кызматкерлери Абдылдаев Актандил, Маматов Самарбек аны ур-тепкиге алыптыр. Андыктан алар биздин ордубузга абакка жаткырылып, иштери тергөөгө алынсын» деген талаптарды коюп жатышат.

XS
SM
MD
LG