Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстандык милиционер Феликс Дүйшеев Даниянын медалын алды


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Косоводогу тынчтык орнотуучу күчтөрүндө кызмат өтөгөн Феликс Дүйшеев аскердик жүрүштө эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Даниянын Коргоо министрлигинин «Дания жүрүшү» аттуу медалын алды. Косоводо өткөн аскердик жүрүшкө Эл аралык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн мыкты даярдыктан өтүшкөн миңден ашуун жоокерлери катышкан. Анда Феликс Дүйшеев Орто Азия чөлкөмүнөн биринчи болуп катышып, даярдыктан мыкты өткөндүгүн далилдеди. Ал былтыр Кыргызстандын Ички иштер министрлиги сунуш кылган 80 милиционердин ичинен БУУнун конкурсунда жеңип, бир жылдан бери Косоводо кызмат кылат.

XS
SM
MD
LG