Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Мамлекеттик катчы кытай элчисинен жардам сурады


БИШКЕК. 31-июлда Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы иштөө мөөнөтү аяктап бара жаткан толук ыйгарым укуктуу элчиси Хун Цюинди кабыл алды. Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы ар кандай багыттардагы кызматташтыктардын өнүгүшү, илгертен келе жаткан достук мамилелери жөнүндө сөз болду. Элчи менен мамлекеттик катчы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соңку жылдары өзгөчө соода-экономикалык алакалары өнүгүп жаткандыгы жөнүндө айтып, саясий, экономикалык, маданий тармактардагы кызматташтыктарды мындан ары өнүктүрүүгө бардык шартар бар экендигин белгилешти. Осмонакун Ибраимов ошондой эле элчи Хун Цюинден кыргыз ажолору менен кытай императорлорунун ортосундагы каттардын мазмунун тактоо иштерине көмөктөшүүнү өтүндү. Кытай элчиси бул багытта өз жардамын көрсөтө тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG