Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Орусиялык гезиттер: БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ОППОЗИЦИЯНЫН БИЙЛИККЕ КЕЛҮҮСҮ ТӨҢКӨРҮШ ЖОЛУ МЕНЕН ГАНА ИШКЕ АШУУСУ МҮМКҮН


Төрөкул Дооров, Москва шаары. Орус басма сөз каражаттары КМШ аймагындагы негизги окуяларга, анын ичинде Түндүк Осетиядагы жардырууга жана Борбордук Азия саясий турмушуна астейдил көңүл бурду.

Жума күнү Моздок шаарында болгон ири жардыруу орус гезиттеринде түрдүүчө сүрөттөлүп, ар тараптуу ой-пикирлерди пайда кылды. Көптөгөн басма сөз каражаттарында бул окуя азырынча толугу менен ачыла элек. Анткен менен окуянын толук өнүгүшүн жана Түндүк Кавказдагы жардыруулардын сүрөттөмөсүн «Коммерсант» гезити биринчилерден болуп чагылдырганга аракет кылды. Жардыруудан жапа тарткандардын саны улам өсүүдө. Ишемби күндүн чак түшүнө карата жардыруудан 37 адамдын курман болушканы жана 36 адам урандылардын астынан казылып алынганы маалым болду. Окуя болгон жердеги изилдөө иштери азыркы убакка чейин улантылууда.

Жардыруудан жапа тарткандар, негизинен, Моздок аскерий бейтапканасындагы оорулуулар менен андагы медициналык кызматкерлер.

Орусиянын Түштүк Федералдык округу боюнча башкы прокурорунун орун басары Сергей Фридинский «терракттын ким тарабынан кантип даярдалганы укук коргоо органдарына дайын» экендигин айтты:

- Азырынча биз окуянын өтө кылдаттык менен даярдалган террористтик акт болгону тууралуу толук ишеним менен айта алабыз. Тилекке каршы, кылмышкерлер дагы эле федералдык аскерлердин талылуу жактарын таамай таап, сокку урууга үлгүрүп жатышат.

Канткен менен, жардыруу тууралуу кеңири маалымат бар экендигин жарыя кылып жатышкан укук коргоо органдарынын оптимисттик мамилеси айтылган сөз бойдон эле калган жок. Өлкөдөгү сапаттуу деп таанылган гезиттердин бири «Коммерсант» да мына ушундай эле ойдо турат. Гезиттин кабарлашынча: «жардыруу тууралуу заказ Шамил Басаевден түшкөн. Ал эми уюштуруучу катары (шек кылынган) Абу ал-Валид болсо чечен согушунда жакындарын жоготкон жанкечтилерди бул иш-чарага аттандырган».

Ошол эле учурда Федералдык аскерий күчтөр Чеченстандын ар кайсыл жерлеринде «террористтерди табууга арналган масштабдуу иш-чараларды» улантышууда. Бул өңдүү “тазалоо аракеттери”, дегеле катуу көзөмөл шартында ишке ашырылып жаткан мындай иш-аракеттин учурунда ири террордук жардыруунун орун алгандыгы, айрым журналисттердин айтымдарында, таң калууну жаратат.

Орус гезиттеринде коңшулаш өлкөлөргө арналган макалалар өткөн жумада көбүнесе аймактагы саясий климаттын кандайча өзгөрүүсү мүмкүн деген жоромолдорго арналды. «Независимая газета» жалпы КМШ аймагындагы өлкөлөрдө саясий башкаруу формасы 2008-жылга карата толугу менен өзгөрө тургандыгын айтат.

Гезит серепчисинин ишениминде, Шериктештиктеги өлкөлөрдүн бүгүнкү жетекчилери өздөрүнүн президенттик орундарын жакын туугандарына же өздөрүнүн тобунан чыккан адамдарга гана калтырышат. «Маселен, Азербайджандын келээрки президенти болуп Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алив шайланат. Казакстанда мамлекетти бийлөөгө Нурсултан Назарбаевдин кызы дайындалса, Кыргызстанда Аскар Акаевдин ордун анын жубайы Майрам Акаева ээлей тургандыгын Акаев өзү да жокко чыгарбайт», - деп айтылат «Независимая газета» макалада. (Айтмакчы, профессор М.Акаева “Азаттыктын” кабарчысы менен жакында маек куруп, өзү тууралуу айтылган мындай жоромолдорду таптакыр төгүнгө чыгарган эле).

«Борбордук Азия аймагында бүгүнкү күнү эч кандай деле оппозиция калган жок. Алардын жетекчилери же такыр жок кылынган, же түрмөдө олтурушат. Ошондуктан, оппозициянын бийлик башына келүүсү бир гана жол менен ишке ашуусу ыктымал – бул мамлекеттик төңкөрүш», - деп эсептейт «Независимая газета». Басылма Кыргызстанда мүмкүн президенттикке келе тургандардын катарына (Майрам Акаевадан сырткары) Жоомарт Оторбаевди, Феликс Куловду жана экс-премьер министр Курманбек Бакиевди да кошту. Бирок тизменин соңундагы эки киши, гезит авторунун пикиринде, оңой-олтоң гана бийлик тизгинин ала койбойт.
XS
SM
MD
LG