Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Ирактын жаңы конституциясын жазууга даярдык көрүлүүдө


Багдад аба майданындагы АКШнын аскерлери жайгашкан базага баруучу чоң жолдогу жардыруудан бүгүн бир ирактык атуул жаракат алды. АКШ аскерлери бомба коалициялык күчтөргө каршы коюлган деп эсептешүүдө. Ирактагы АКШ администрациясынын башчысы Пол Бремер Ирактын жаңы конституциясы тезирээк жазылып, келерки жылдын орто ченинде шайлоо өткөрүлөөрүнө ишеничин билдирди. Анын айтымында: Эгерде алар сентябрь айынын аягына чейин конституциялык конференция чакырышса, конституция жаз айларына чейин жазылып, шайлоо келерки жылдын ортосунда өткөрүлөт. Бул ирактыктардын конституцияны канчалык тез жазышына жараша болот.
Бремер ошондой эле Саддам Хусейиндин өзүн кармоо жаатында саал жылыштар бар экенин билдирген. Кечээ күнү Ирактын Тикрит шаарына жакын ал-Аужа айылында Саддам Хусейиндин уулдары Кусай жана Удайдын, Кусайдын 14 жаштагы уулу Мустафанын сөөгү жерге коюлду. Алар 22-июлда Мосул шаарында америкалык аскерлердин чабуулунан набыт болушкан эле.

XS
SM
MD
LG