Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

АКАЕВ ШАЙЛООЧУЛАРЫНА ОТЧЕТ БЕРСИН, КОШ МААРАКЕ, ДЕМОКРАТИЯЛЫК КОДЕКС


А.Акаевди үч мөөнөткө президенттикке шайлагандар андан жасаган иштеринин отчетун талап кылууга акысы барбы? Президенттик шайлоо жакын. Татыктуулар барбы? Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Чыңгыз Айтматовдун 75 жылдык мааракеси качан майрамдалат? Эгемен өлкөнүн Конституциясы менен толгон мыйзамдары турганда Демократия кодексинин зарылдыгы барбы? Кыргыз басылмаларында суроолор арбын коюлууда. Бекташ Шамшиевдин басма сөз баяндамасын угуңуздар.

: СССР тушундагы коммунисттер кыйла гумандуу болушкан экен, - деп жазды шейшембидеги «МСН» гезити. Гезиттин ырасташынча, ушу тапта Кыргызстан сөз дайрасында калкып баратыр. «Эгемен өлкөнүн Конституциясы баш болуп толгон мыйзамдары турса, Демократия кодексинин зарылдыгы бар беле? Республиканын ичи менен тышында демократияга коркунуч келтирген ким? Коом мүчөлөрү өз милдетин аткара албаган мамлекет менен алака түзүшү керекпи?» - деп суроо коёт гезит редакциясы.

Басылманын жаңы санында республиканын Демократия кодексинин (коомдук келишимдин) долбоору жарыяланды. Анда демократиялык принциптер саналып, коррупция, кызматынан кыянат пайдалануу, бийликти жеке ээлеп алуу, кошоматчылык сындуу «чылыктар» демократия менен коошпостугу айтылган. Коомдук келишимдин ишке ашырылышын парламент алдында түзүлгөн Аксакалдар жыйыны менен Демократиялык коопсуздук коомдук кеңеши көзөмөлдөп турмакчы. Ушул эле гезитте Юрий Кроткийдин «Президент шайлоочуларынын алдында отчет бериши керек» деген макаласы жарыяланды. Президент опсуз чоң бийликке ээ,- деп белгилейт макала автору. –Жакшы илимпоз, ак көңүл адам. Бирок ошол эле мезгилде бийликтин кумарпозу, өзү тууралуу өтөле бийик ойдо. Маселени терең изилдебей туруп чечим кабыл алып иймейи бар. Өлкө экономикасын сазга отургузуп койгон күнөөсүн сезбейт. Автордун пикиринде, Конституциянын жаңы редакциясындагы 53-берене токтотулушу керек. Президент жасаган-эткен иштери үчүн мыйзам алдында жооп бербегени дегеле дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кийинки кандуу окуяларга «Аалам» гезитинин шейшембидеги санында журналист Кубанычбек Сейдалиев токтолду. Автордун ырасташынча, «башчың кандай болсо, бактың ошондой» деген сөздүн чындыгына ишенип кой, замандаш. Мына Баткен коогалаңы болгондон бери душмандын эмес «достун» огунан канча кишибиз набыт болду. Президентибиз бир да жолу үн катып өз элинин кызыкчылыгын коргоп койгон жок. Жок дегенде бир жолу. Мунубуздан пайдаланып Өзбекстан «кошунаң жоош болсо короосу сеники» саясатын жасап жатат».

Кыргыз мамлекеттүүлүгү менен чыгаан жазуучу Ч.Айтматовдун мааракесине даярдыктар шайма-шай жүрүп атканы да гезиттин жаңы санында маалымдалды.

“KS”, “KG” номерлүү кызматтык автомашиналар, акыркы үлгүдөгү чет элдик кымбатбаа авто айдагандар мамлекеттик автоинспекция кызматкерлерин тоотпой, жол эрежесин бузушары көнүмүшкө айланып калганы «Аалам», «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек» гезиттеринде чагылдырылды. «МАИ кызматкери турбаса биздин жолдор бир сааттын ичинде коркунучтуу зонага айланат»,- деп жазат Света Локтева «Вечерний Бишкек» гезитинде. «Парламенттик, өкмөттүк, президент акимчилигине тийиштүү машинелердин айдоочулары МАИ кызматкерлерин карап да койбой, шуулдап жаныбыздан өтүп жатышты», деп сүрөттөйт «Слово Кыргызстана» гезитинин кабарчысы А.Галуничев.
«Эркин тоо» гезитинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына багышталган иш-чаралардын программасы жарыяланды. Шаң-салтанат Майрам Акаеванын жаңы китебинин 9-августта Чолпонатадагы бет ачары менен башталып, 6-ноябрда Бишкекте өтчү илимий жыйын менен тамамдалат.

Токтогул көлүндө балык өстүрүү республикага чоң киреше алып келери, бул ишти мамлекеттик камкордукка алуу керектиги «Кыргыз туусу» гезитинин шейшембидеги санында жарыяланган Токтомуш Өскөновдун макаласында козголгон. «Эгер бул иш чындап колго алынса, токтогулдуктардын суу алдында калган жерлеринин наркы балык чарбасынан түшкөн киреше менен эле төлөнүп калмак», деп жазат автор. Ал эми журналист Папан Дүйшөнбаевдин макаласы Аксы районундагы Үчкоргон айыл өкмөтүндөгү иши жүрүшкөн «Үчкоргон» дыйкан чарба жетекчисин жаманатты кылуу амалы, көрө албастыктын салакасы, кимдер жалган жалааны уюштуруп жатышканын тактоого арналган.
XS
SM
MD
LG