Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:18

Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жаңы эреже киргизилди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу жана оор жүк ташуучу автоунаалардын аракетин жөнгө салуу тууралуу токтому күчүнө кирди. Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директору Абдурахим Абдрасиловдун айтымында, жаңы эреже боюнча кийинки убакта шаарда өзгөчө көбөйгөн чакан маршруттук таксилердин аракеттери жөнгө салынат. «ПАЗ», «КАВЗ», «ТАРЗ» үлгүсүндөгү орточо автоунааларда жүргүнчү акысы беш сомдон үч сомго төмөндөтүлөт. Жаңы эрежеге ылайык маршруттук таксилердин мындан ары каалаган жерге токтошуна тыюу салынып, аларга көнүмүш аялдамалардан тышкары, өзүнчө токтоочу жайлар бөлүнүп берилет. Токтомду аткарууга МАИ инспекциясынын Бишкектеги бөлүмү, башкалаанын жүргүнчүлөрдү ташуучу агенттиги жана Бишкек шаардык транспорт инспекциясы көзөмөл жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG