Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

АРАБ ЛИГАСЫ ИРАКТЫН БАШКАРУУЧУ КЕҢЕШИН ТААНЫЙБЫ?


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кайрылып, аны Ирактын Башкаруучу кеңешин таанууга чакырды. Кошмо Штаттары дайындаган Башкаруучу кеңеш, Аннандын айтымында, Ирактын болочок өкмөтүн түзүүдөгү маанилүү алгачкы кадам болуп саналат.

Ирактын Башкаруучу кеңешинин үч мүчөсү Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 22-июлда болгон кездешүүсүндө сүйлөгөндөн бери эки жума өтсө да, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирактын АКШ дайындаган Башкаруучу кеңешине болгон мамилесин ачык билдире элек.

Коопсуздук Кеңешинин июль айындагы төрагасы Испания 22-июлдагы кездешүүдөн кийин “Башкаруучу кеңеш - Ирактын эл аралык коомчулук колдогон өкмөтүн түзүүдөгү олуттуу кадам” деп билдирген. Бирок, Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү арасындагы карама каршылыктар анын Башкаруучу кеңешти таануусуна жолтоо болууда.

Башкатчы Кофи Аннан 5-август күнү Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен болчу кездешүүгө баратып, Иракты жетектөөчү убактылуу кеңешти жоопсуз калтырууну жектеп, БУУнун Ирактагы миссиясын түзүү ишин да артка тартат деген тынчсыздануусун билдирди.

Эл аралык коомчулуктун Ирактын Башкаруучу кеңешин таануусу дейре тыш мамлекеттердин Багдадга гуманитардык жардам берүүсүнө кеңири мүмкүндүк түзмөк. Лондондук эксперт Пол Корништин айтымында:

- Менин оюмча, (Башкаруучу кеңешти таануу боюнча чечимдин кабыл алынышы) Ирактагы бардык иштер америкалык империалисттердин колунда болгондуктан, биз ар кандай кайра куруу долбооруна жардам бербейбиз деп байкоо салып турган өлкөлөрдүн ... (Иракка) гуманитардык жардам, же полиция күчтөрүн жөнөтүү же мыйзамдуулукту бекемдөө аркылуу жардам көрсөтүүсүнө жана Иракта тартиптин жөнгө салынуусуна өбөлгө болот.

Доктор Поль Корниш Лондондогу Коргонууну изилдөө борборунун талдоочусу.

Талдоочулардын айтымында, Ирактагы саясый туруктуулукту жергиликтүү бийликтер өздөрү камсыздай алышса, бул региондогу кырдаалга оң таасир этмек жана элдин да жаңы бийликке болгон ишеничи артмак.

Ирактын Башкаруучу кеңешин таанууга, баарынан да, Араб лигасы каршы. Лига дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө Вашингтон дайындаган кеңешти ырасмий түрдө тааныбасын жана Ирактын эл шайлаган жаңы өкмөтү түзүлмөйүнчө, Багдад менен алака кылбасын ачык эскерткен.
Араб лигасы мындай дегени менен, көпчүлүк араб өлкөлөрү Башкаруучу кеңешти түзүүнү оң кадам катары кабыл алышкан.

Коопсуздук Кеңешинин үстүбүздөгү айдагы төрагасы, Сириянын Улуттар Уюмундагы элчиси Микаил Уебенин сөзүнчө, Саддамдан соңку Иракты кайра курууну жана анын өкмөтүн түзүүнү БУУ жетектеш керек; Сирия ошондой эле Ирактан чет өлкөлүк күчтөр чыгарылып кетиши зарыл деп санайт.

Сирия карманган бул өңүттү Араб лигасы толук жактайт.

Кофи Аннан шейшемби күнкү Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен болгон сый тамактан кийин билдиргенге караганда, Коопсуздук Кеңеши Ирактын Башкаруучу кеңешин таануу боюнча атайын билдирүү жасашы шарт. Ал эми БУУнун Ирактагы миссиясын түзүү жөнүндөгү чечим, демейдеги тартипке ылайык, резолюция түрүндө кабыл алыныш керек.

XS
SM
MD
LG