Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Саддамдын жакындары колго түштү


Бүгүн Иракта Саддамдын жан-жөкөрлөрү деген 18 адам кармалды. Ал эми
Бириккен Улуттар уюму өзүнүн “Азык–түлүккө Ирактын мунайы” деген корунун эсебинен Ирактын мектептериндеги окуу китептерин кайра басып чыгарууга 72 миллион доллар бөлдү. Китептер кайра басылганда Саддам Хусейнди даңазалаган материалдар алынат жана 67 миллион китеп жаңы окуу жылына чейин кайра чыгарылат. Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан андан тышкары Коопсуздук кеңешти Ирактын башкаруу кеңешин расмий түрдө таанууга чакырды. Анын айтымында, бул Ирактын жаңы бийлигин эл аралык деңгээлде таануучу алгачкы кадам болот. Буга чейин Испаниянын мындай сунушуна Коопсуздук кеңеш макул болбой койгон. Кечээ бул сунушту араб мамлекеттеринин лигасы да четке кагып, андай укукка Ирактын чыныгы өкмөтү гана ээ боло ала тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG