Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Кыргызстанда дагы бир укук коргоочу фонд каттоодон өттү


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Юстиция министрлигинде «Кылым шамы» аттуу коомдук фонд каттоодон өттү. Жаңы уюшулган фонддун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, фонд келечекте адам укугун коргоо багытында иш алып барат. Тагыраак айтканда, уюм Кыргызстандагы бардык укук коргоочу уюмдардын башын бириктирип, бирдиктүү аракет кылууга, Аксы окуясы боюнча адилеттүү сот чечимине жетишүүгө умтулат. Жаңы уюм жарандардын укуктук билимин көтөрүү боюнча атайын окууларды да өткөрөт.

XS
SM
MD
LG