Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

Американын атактуу баскетболчусу соттолууда


Американын соту белгилүү баскетболчу Коби Брайантка каршы ачылган кылмыш ишти карай баштады. Ага 19 жаштагы студент кызды зордуктаган деген айып коюлган. Коби Брайант күнөөнү четке кагып, ал кыздын өз макулдугу менен байланышка баргандыгын айтууда. Эгер Брайанттын күнөөсү далилденсе, ага өмүр бою түрмөдө олтуруу жазасы берилиши мүмкүн. Брайант Америкадагы өтө бай баскетболчу жана сот иши анын беделине кесепетин тийгизет деп жатышат. Анын бир эле “Найк” фирмасы менен түзгөн келишими 40 миллион доллар болгон.


Бүбүкан Досалиева, Прага

XS
SM
MD
LG