Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев менен Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Айдын Идил бүгүн тартип коргоо органдарын реформалоого багытталган макулдашууга кол коюшту. ЕККУнун өкүлдөрүнүн айтымында, макулдашуунун негизинде Кыргызстандын тартип коргоо органдарына акыркы үлгүдөгү жабдуулар берилет жана алар милиция кызматкерлери менен калктын байланышын жакшыртууга өбөлгө
түзөт.
түзөт.