Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

Кыргызстандын Акыйкатчысы европалык акыйкатчылар менен жолугушууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы жана Чехиядагы акыйкатчы институттары өз адистерин алмашып окутуу багытында кызматташат. Бул туурасында тараптар Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун Чехиядагы иш сапарынын учурунда макулдашты. Ал тууралуу ушул эле күнү Кыргызстандын Акыйкатчысы Брно шаарынан билдирди. Турсунбай Бакир уулу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын долбоору менен таанышуу максатында 4-августта сапарга чыккан. Бүгүн ал Эстонияга жол тартты. Акыйкатчынын айтымында, ушул эле иш сапарынын учурунда ал Орусиянын жана Украинанын акыйкатчылары менен да жолугушуп, кызматташтык алакаларды талкуулап кайтат.

XS
SM
MD
LG