Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

УРАН КАЛДЫКТАРЫНЫН БЕКЕМ САКТАЛЫШЫНА ДҮЙНӨЛҮК БАНК КЫЗЫКДАР


Дүйнөлүк банк Майлуусуудагы уран калдыктары сакталган жерлерди бекемдөө иштерине 5 миллион доллар бөлмөй болду. Эмдиги жылдан Майлуусуудагы өзгөчө кооптуу уран калдыктары сакталган жерлерди бекемдөө жумуштары башталат. Буга дейре Европа биримдиги тарабынан бөлүнгөн 500 000 евро акчага Майлуусуудагы уран калдыктары сакталган жайлар кылдат иликтенип чыккан. Адистердин эсебинде Майлуусуудагы уран калдыктары турган жайларды калыбына келтирүү ишине 17 миллион доллар акча талап кылынат.

Өлкөнүн экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уран калдыктары жана уулуу жайларды иликтөө, аларга байкоо жүргүзүү департаментинин жетекчиси Анаркул Айталиевдин айтымында, 3 жылдан бери аларды оңдоп-түзөө жумуштары азыноолок жасалып келатат. Кыйла жылдар кароосуз калган коркунучтуу жайларды калыбына келтирүү көп каражатты талап кылган түйшүктүү жумуш.

Уран калдыктары менен уулуу заттар көмүлгөн жайларды бузбай кармап турууга Кыргызстандын чама-чаркы жетишпейт. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги коркунучтуу жайларды калыбына келтирүү жумуштарын санап атайын программа иштеп чыккан. Дүйнөлүк банк грант катары эмдиги жылдан тарта берүүгө макул болгон акча ошол программага бөлүнчү каражат. Өткөн жылы Европа биримдиги бөлүп берген жарым миллион еро акчага Майлуусуудагы уран калдыктары турган жайлар иликтенип чыккан. Калдыктар сакталган жайларга жакын жашаган калктын саламатчылыгы, агын суу, аба, жер кыртышы байкоого алынган. Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнчү 5 миллион доллар өткөн жылкы Евробиримдик долбоорунун негизинде ишке ашырылмакчы.

«5 миллион доллар эсебиндеги акчага эмне жумуштар жасалат дегенге токтоло кетейин,- дейт Анаркул Айталиев.- Майлуусуунун тегерегиндеги уран калдыктары сакталган жерлерди реабилитациялоого 17 миллион доллар талап кылынарын биздин адистер эсептеп чыгышкан. Бул жалаң реабилитация, рекультивация иштерине гана жумшалчу акча. Эми, 5 миллион долларга эмне жумуштар жасалат? Саркофаг кылабыз дегендей ойлор болушу мүмкүн. 1967-жылдан 1970-жылга чейин мына ушул уран калдыктары сакталган жайлар жабылган. 35-36 жылдан бери калдык жайларды оңдоо-түзөө жумуштары жасалбагандыктар үстүндөгү сактоочу катмар кыйла кыйын акыбалга келип калган. Калдык сакталчу жайлар тоо ичинде жайгашкандыктан аларды айланып агып өтчү сууларды башка нукка салуу жумушу турат. Анан да калдык жайлардын сырты тосулган эмес, кооптуу жайлардын четин тосмолойбуз».

Адистердин айтымында, уран калдыктары сакталган жайларды калыбына келтирүү үчүн оголе көп иштерди жасоо зарыл. 5 миллион доллар акча экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы адиси Кайрат Маматовдун айтымында, токтоосуз, зарыл бүтчү иштерге гана жумшалат.

Министрликтин уран калдыктары сакталган жайларды калыбына келтирүү, аларга байкоо жүргүзүү департаментинин башкы адиси Нурбек Ибраимов уулуу жерлерди аныктоо, иш жүрчү жердин картасын түзүү, кыртышты изилдөө чоң иштин башталышы деп эсептейт. Уран калдыктары сакталган жайды калыбына келтирүү иштеринин спецификалуу өзгөчөлүктөрү бар.

Кыргызстандагы уран калдыктары жана уулуу заттар көмүлгөн жайларды калыбына келтирүүгө көбүнесе эларалык уюмдар, Батыш өлкөлөрү көмөк көрсөтүүдө. АКШ өкмөтү Кажысайдагы уран калдыктары сакталган жайларды калыбына келтирүүгө өткөн жылы 400 000 доллар бөлүүгө убада кылган.
Непадам Майлуусуудагы уран калдыктары сакталган жайлар жарылып, уу калдыктар сайга агып түшө турган болсо андан жалгыз Кыргызстан эмес Өзбекстан, Тажикстандын Фергана өрөөнүндө жашаган 10 миллион калкы жабыр тартарын эске алып, расмий Ташкен эки жылдан бери коркунучтуу жайларды биргелешип изилдөө иштерине катышуужагынан көмөк көрсөтө баштады.

«Өзбекстандын жаратылыш жана өзгөчө кырдаалдар министрликтери менен эки жылдан бери тыгыз кызматташып келатабыз,- дейт Анаркул Айталиев.- Майлуусууда жолугуштук. Мына, буюрса, Анжиянда жолугушабыз деп отурабыз».

Эларалык эксперттердин өткөн апта соңундагы жыйынында Майлуусуу уран калдыктары сакталган жайларды калыбына келтирүү ишин жакын арада баштоо зарылдыгы айтылды. Майлуусуунун боюнда 23 жерге уран калдыктары көмүлгөн, 13 казылып алынган кендин орду бар.

XS
SM
MD
LG