Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Сауд Арабиясы европалык жарандарга мунапыс тартуулады


Сауд Арабиясы мындан үч жыл мурун камакка алынган Британиянын беш, Канада жана Бельгиянын бирден жарандарын бошотту. Алар Сауд Арабиясында террордук акт жасады деген кине боюнча камалган. 2000- жана 2001-жылкы жардыруулардан бир адам каза болуп, бир нечеси жаракат алышкан. Сауд бийлигинин маалыматы боюнча, жардырууну өлкөдө тыюу салынган алкогол контрабандистери жасаган. Камакка алынгандар кийинчерээк жардырууга тиешеси бар экенин мойнуна алышкан, бирок адам укугун коргоо уюмдары алар абактагы кыйноолордон коркуп, ушундай кадамга барышканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG